Кыргызстанда декабрь айында чочко тумоосун жуктургандар катталган. Казакстан менен Россияда бул дарттан каза болгондор аныкталган.
Кыргызстандык дарыгерлер абал көзөмөлдө экенин айтып, грипптин бул түрү сезондук болуп калганын айтышат. Саламаттык сактоо министрлиги грипп менен ооруган учурда өз алдынча дарыланбастан дарыгерге кайрылуу керектигин баса белгилешет.