Олимпиада: Атабек Азисбеков алгачкы атаандашына утулуп калды

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Венгриялык Виктор Лоринц менен беттеш учурунда
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Венгриялык Виктор Лоринц менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Атабек Азисбеков 26 жашта, килемде 87 килограмм салмакта күч сынашып келет. Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Казакстанда өткөн мелдеште алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Атабек Азисбеков Олимпада оюндарынын баштапкы этабындагы беттешинде жеңилди.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешинде латвиялык Анастасия Григорьева менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Айсулуу Тыныбекова Токиодо алгачкы беттешин 8:0 менен ишенимдүү утту. Видео
87 килограмм салмакта күч сынашкан балбан венгриялык Виктор Лёринцке 6:1 эсебинде утулуп калды.

Азисбеков эми венгриялык спортчунун финалга чыгышын күтөт. Эгер Лёринц финалга чыкса, кыргыз балбаны коло байге үчүн таймашууга укук алат. 

Атабек Азисбеков Олимпиадага жолдомону 2019-жылы Казакстанда өткөн мелдеште алган.

Эске салсак, Виктор Лёринцкенин иниси 77 кг салмактагы Тамаш Лёринцке Олимпиаданын алтын байгеси үчүн бүгүн кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен күрөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0