https://sputnik.kg/20210415/grek-rim-kuroshu-aziya-chempionat-kr-komanda-uchunchu-orun-1052137471.html
Кыргызстан грек-рим күрөшүнөн Азияда командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи
Кыргызстан грек-рим күрөшүнөн Азияда командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи
Sputnik Кыргызстан
Азия чемпионатында улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан. 15.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-15T11:32+0600
2021-04-15T11:32+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
коом
грек-рим күрөшү
курама команда
азия чемпионаты
мелдеш
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0f/1052137298_0:414:1080:1024_1920x0_80_0_0_66f514f74bb2bd97586e441efaeb11c9.jpg
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 2021-жылдагы Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Азия күрөш уюму өзүнүн Instagram баракчасына жазды. Мелдеште улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш жыйынтыкталды. Ата мекендик спортчулар Руслан Царев (72 килограмм), Калидин Асикеев (82 килограмм) жана Атабек Азисбеков (87 килограмм) өз салмактарында экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынышты.Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (55 килограмм) Амантур Исмаилов (67 килограмм), Кайрат Түгөлбаев (77 килограмм), Бексултан Махмудов (97 килограмм) жана Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге алышты.Кыргызстан 138 упай топтоп, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды. Экинчиге 141 упай менен Казакстан жетсе, Иран командасы 169 упай менен биринчи орунду ээледи.Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталып, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы баш болгон спортчулар килемге чыгат.
https://sputnik.kg/20210415/kyrgyzstan-oor-atletchiler-olimpiada-zholdomo-1052133963.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0f/1052137298_0:380:1080:1058_1920x0_80_0_0_a6c028d7047b7fe757f4156ece08359a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, коом, грек-рим күрөшү, курама команда, азия чемпионаты, мелдеш
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, коом, грек-рим күрөшү, курама команда, азия чемпионаты, мелдеш
Кыргызстан грек-рим күрөшүнөн Азияда командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи
11:32 15.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Азия чемпионатында улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 2021-жылдагы Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Азия күрөш уюму өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Мелдеште улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш жыйынтыкталды. Ата мекендик спортчулар Руслан Царев (72 килограмм), Калидин Асикеев (82 килограмм) жана Атабек Азисбеков (87 килограмм) өз салмактарында экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынышты.
Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (55 килограмм) Амантур Исмаилов (67 килограмм), Кайрат Түгөлбаев (77 килограмм), Бексултан Махмудов (97 килограмм) жана Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге алышты.
Кыргызстан 138 упай топтоп, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды. Экинчиге 141 упай менен Казакстан жетсе, Иран командасы 169 упай менен биринчи орунду ээледи.
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталып, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы баш болгон спортчулар килемге чыгат.