Рафаэль Физиевдин UFC мелдешиндеги кезектеги атаандашы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу июль айында британиялык Марк Диакези менен беттешип, чебер кармаш көрсөтүп уткан. Бул "кеченин беттеши" деп тандалып, Физиев 50 миң доллар бонус алган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кезектеги атаандашы бразилиялык Ренато Мойкано болду. Бул тууралуу MMA Fighting жарыялаган кабарда айтылат.

Маалыматка ылайык, мушкерлер 28-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүүчү UFC Fight Night 184 мелдешинде кездешет. Жеңил салмактагы бул беттеш спорттук иш-чаранын негизги кадрына киргизилиши мүмкүн.

Рафаэль Физиев UFC мелдешине өткөн жылдын апрель айында чыгып, россиялык Магомед Мустафаевге жеңилген. Октябрь айында бразилиялык Алекс Уайтты уткан. Жакында Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" өткөн UFC Fight Island 2 мелдешинде британиялык Марк Диакезини жеңип алган. Бул "кеченин беттеши" деп таанылып, Физиев 50 миң доллар кошумча сый акы алган.

Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты

Ренато Мойкано буга чейин мелдешке жарым жеңил салмакта чыккан. Рафаэль Физиев менен беттеш бразилиялык мушкер үчүн жеңил салмактагы экинчи кармашы болот. Буга чейин ал Дамир Хадзовичти мөөнөтүнөн мурда утуп алганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0