Валентина Шевченко беттештерден жарым жылга четтетилди

© AFP / Christian Petersen / Getty ImagesUFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко. Архив
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC 247 турнирине катышкан үч мушкер, анын ичинде Шевченко көпкө чейин беттешке чыкпайт. Ал эми кеченин башкы беттешинде беш раунд бою кармашкан Жонс менен Рейес бир айга чейин эле тыным алган.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 2020-жылдын 7-августуна чейин беттештерге катышуудан четтетилди. Мындай чечимди Техастын мелдештерге уруксат берүү жана жөнгө салуу департаменти Хьюстондо өткөн UFC 247 турниринен кийин кабыл алган.

Аталган турнирде кыргызстандык мушкер америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңген. Ал үчүнчү раундда атаандашынын бир колун буттары менен бекитип, муштум, чыканактары менен башка ургулап баштаган. Мындан улам рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон. Натыйжада 31 жаштагы спортчу чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоп калды.

Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Холли Берри тарткан тасмада Шевченко кимдин ролун аткарат?
АКШнын Атлетикалык комиссиясынын эрежеси боюнча, дарыгерлердин комиссиясы турнирлерден кийин мушкерлерди "медициналык себептерге байланыштуу" белгилүү бир убакытка четтетет. Анын убактысы денедеги жаракаттарга байланыштуу аныкталат. Спортчунун жаракаты канчалык олуттуу болсо, ошончолук көп убакыт мелдешке чыкпайт.

Департамент жарыялаган документке ылайык, Шевченко беттештерден жарым жылга четтетилди. Ал эми Чукагяндын тыным алуу убактысы жарым айга (25-март) чейин гана созулат. Дарыгерлердин комиссиясы мындай чечимди ийне-жибине чейин түшүндүргөн эмес.

Алдыңкы спорттук басылмалардын жазганына караганда, мындай узак убакытка созулган тыным олуттуу ойлорду жаратат.

UFC 247 турнирине катышкан үч мушкер, анын ичинде Шевченко көпкө чейин беттешке чыкпайт. Ал эми кеченин башкы беттешинде беш раунд бою кармашкан Жон Жонс менен Доминик Рейес бир айга чейин эле тыным алган.

"Балким Шевченко ойлогондон да көп жаракат алды же беттешке чейин эле машыгуу убагында бир жерин оорутуп алган", — деп болжолдогон Heavy спорттук порталы.

Кээ бир ЖМКлар Шевченко менен беттешип нокаутка түшкөн Жессика Айдын деле тынымы төрт айга созулганын жазышты. Анда кыргызстандык мушкер Айды башка тээп кулатып, наамын биринчи ирет коргогон.

​Шевченко менен Чукагяндын беттешин видеодон көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0