Александр Воинов УОКтун алтын ордени менен сыйланды. Видео

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстандын Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов. Архив
Кыргызстандын Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Александр Воинов КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов Улуттук олимпиада комитетинин алтын ордени менен сыйланды. Маалыматты машыктыруучу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктап берди.

Сыйлык тапшыруунун видеосун Кикбокс федерациясы да социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Федерация Кикбоксинга КР🇰🇬 (@kickboxingkyrgyzstan)

Воиновдун айтымында, өткөн жуманын аягында УОКтун башкы ассамблеясы өтүп, иш-чаранын алкагында президенти Шаршенбек Абдыкеримов анын спортко кошкон салымы үчүн комитеттин алтын орденин жана дипломун тапшырган.

Александр Воинов СССРдин спорт чебери, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, Даңк медалы, Данакер ордени менен сыйланган. 2008-2009-жылдары Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигин жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0