Кыргызстандын көзгө басар сумочулары Азия чемпионатынан байгелүү кайтышты

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионат Азии и Мира по сумо
Чемпионат Азии и Мира по сумо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке өлкө атынан Тилек Усупов абсолюттук салмакта, ал эми Алмаз Эргешов 115 килограммдан жогорку катергорияда күч сынашкан.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандык сумочулар Алмаз Эргешов менен Тилек Усупов Азия чемпионатынан коло медалга ээ болушту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. 

Алп эркектер! Бул эки сумочунун бири Көчмөндөр оюнуна катышат. Даярдык видеодо - Sputnik Кыргызстан
Алп эркектер! Бул эки сумочунун бири Көчмөндөр оюнуна катышат. Даярдык видеодо
Белгилей кетсек, 20-23 июль күндөрү Тайвандын борбору Тайбэй шаарында сумо боюнча Азия жана дүйнө чемпионаты өттү.

Мелдешке өлкө атынан Тилек Усупов абсолюттук салмакта жана Алмаз Эргешов 115 килограммдан жогорку категорияда күч сынашып, Азия чемпионатынан коло байге тагынышты. Ал эми дүйнө чемпионатында Алмаз Эргешов 5-орунду ээледи.

Эки спортчу тең КРдин көп жолку чемпиону, Азия чемпионатынын коло байге ээси, дүйнө биринчилигинде бешинчи орунга ээ болушкан. 38 жаштагы Эргешовдун салмагы 180 килограмм болсо, 46 жаштагы Тилек Усуповдуку 130 килограмм.

Балбандардын ийгилик сырын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мастер-классынан көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0