Бишкекте Конституция күнү жана сомдун 25 жылдыгына карата жарыш өттү. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Национального банка КРБүгүн Борбор калаадагы Энвер Гареев атындагы ботаника багында Конституция күнүнө жана сомдун 25 жылдыгына карата чуркоо болду
Бүгүн Борбор калаадагы Энвер Гареев атындагы ботаника багында Конституция күнүнө жана сомдун 25 жылдыгына карата чуркоо болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын негизги максаты — сергек жашоо образына үгүттөө.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Бүгүн Борбор калаадагы Энвер Гареев атындагы ботаника багында Конституция күнүнө жана сомдун 25 жылдыгына карата чуркоо болду. Бул тууралуу КР Улуттук банкынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты  сергек жашоо образына үгүттөө болду.

"Жарышка катышкандар 35 жашка чейинки жана кийинки болуп эки жаш курак категориясында болду. Мындан тышкары, 100 метрлик эстафетада коммерциялык банктар менен Улуттук бактын командалары ат таймашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Чуркоого Улуттук банктын жана 18 комменциялык банктын жетекчилери катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0