Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы агай: батирге 17 миң сом төлөйм

© Sputnik / Табылды КадырбековТренер по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулов с воспитанниками
Тренер по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулов с воспитанниками - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар машыктыруучуларын экинчи атабыз депкалышат. Буга Үсөналы Рыскулов да мисал. Ал кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама командадагы кадеттердин улук машыктыруучусу, кошумча өз үйүндө 6 кызды жашатып, багып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Үсөналы Рыскуловдун үйүнө баш багып, балбан кыздар менен жакындан таанышып, жашоо-шарты, машыгуулары тууралуу көрүп келди.

Жеке мен Үсөналы агай тууралуу Күрөш федерациясынын жыйынында билгем. Анда ага өзгөчө алкыш айтылып, ыраазычылык диплому берилген. Ошондон тарта материал жасоого бел байлагам. Өзүнүн айтымында, журналисттерге окуучулары тууралуу биринчи маек бериши.

Балбан кыздын бири — студент, бешөө — окуучу

Айтылган дарек боюнча Орто-Сай базары жактагы көп кабаттуу батирлердин бирине бардык. Оператор менен фотограф кечигип жатты. Бир чети Үсөналы агай менен пикир алышып, кыздар менен четинен таанышканга жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Үсөн Рыскулов студент кезинде Өзбекстандын курама командасында машыгып, мелдештерге катышып жүргөн. Кийин ишкерлик менен алектенет. Бой жеткен эки уулу эркин күрөш менен машыга баштаганда кайрадан спортко өтөт. Алгач тууганынын кызын, кийин айылдаштарынын кыздарын карамагына алып тарбиялай баштаган.

Үйүндө тарбияланган кыздардын улуусу студент болсо, бешөө борбордогу №39 мектепте билим алат.

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону  Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Дартымды ойлоп баратып КамАЗды сүзүп алгам. Кикбоксчу Улан Касымбековдун маеги
Кыздардын улуусу, сулуусу Даяна Жакып кызы беш жыл мурда биринчилерден болуп ушул үйдө жашап, машыга баштаган. Жашы 18де. Талас облусунун Кууганды айыл өкмөтүнүн Үч-Эмчек айылынан. Дене тарбия жана спорт академиясынын 1-курсунун студенти. Кыргызстандын эки жолку чемпиону, ЖОЖдор арасындагы чемпионаттын жеңүүчүсү.

Айжан Сабырбек кызы дагы Кууганды айыл өкмөтүнөн. Жашы 15те. "Азиянын балдары" оюнунда жана Азия чемпионатында бешинчи орунга ээ болгон, КРдин үч жолку чемпиону, бир канча эл аралык турнирдин күмүш медаль ээси.

Кийинки балбан Бермет Нуридин кызы дагы Кууганды айыл өкмөтүнөн. 15 жашта. "Азиянын балдары" мелдешинде жана Азия чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Белоруссияда өткөн эл аралык турнирдин күмүш медалынын ээси.

Гүлүмкан Жылдызбек кызы Нарын облусунун Кочкор районунун Байзак айылынан. 15 жашта. Келгенине бир жыл болду. КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси.

© Sputnik / Табылды КадырбековМашыктыруучу кыздарды спортто гана тарбиялабастан жубайы менен биргеликте кыз кишиге тиешелүү оокатты да үйрөтүп жатат
Воспитанники тренера по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу кыздарды спортто гана тарбиялабастан жубайы менен биргеликте кыз кишиге тиешелүү оокатты да үйрөтүп жатат

Таңчолпон Кабылбекова Талас облусунун Чкалов айылынан. Жашы 13дө. Былтыр Кыргызстандын чемпиону аталса, быйыл күмүш медаль тагынды.

13 жаштагы Назгүл Сарыбекованын келгенине үч ай болду. Жаш экендигине карабай өлкөнүн биринчилигинде коло байгеге ээ болгон.

"Кыздарды алып келерден мурда үстүртөн маалымат алып, спортко болгон кызыгууларын карадым. Ата-энелерининен уруксат алгандан кийин "той-топур, байкем үйлөндү эле, эжем күйөөгө тиймек эле" деген сөздөн алыс бололу, себеби, машыгуу учурунда мындай нерселер тоскоолдук болот деп түшүндүргөм," — деди машыктыруучу.

Кыздардын үйдө тарбияланышына машыктыруучунун үй-бүлөсү дагы дароо макул болгон эмес. Бирок Үсөнаалы агай ыгып таап жакындарын көндүрө алган.

Эки бөлмөлүү батирде тогуз киши жашайт

Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз "Тайсону" Канат: мелдештерде 6 миң доллар, Honda Accord утуп жүрөм
Бул үйдө тартип темирдей. Балбандар бир эле учурда машыгууга да, окууга де жетишиши керек. Бул үчүн режим зарыл. Машыктыруучунун кыздарды өз карамагына алганынын да себеби ушул. Болбосо айрым кыздардын борбордо бирин-экин тууган-туушканы бар.

Балбандар эртең менен сабакка жөнөшөт. Түшкү тамактан кийин укташат да, туруп машыгууга кетишет. Залдан кийин кечки тамакты ичип, сабактарын аткарат да, кайра укташат. Эртең менен саат 6да туруп, кечинде 10до укташат. Телефонго үңүлмөй жок!

Машыктыруучу кыздарды спортто гана тарбиялабастан жубайы менен биргеликте кыз кишиге тиешелүү оокатты да үйрөтүп жатат.

© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда машыктыруучунун колунда тарбияланам дегендер арбын. Бирок эшик ачык болгону менен батир тар. Эки бөлмөлүү батирге айына 17 миң сом төлөнөт
Воспитанники тренера по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Учурда машыктыруучунун колунда тарбияланам дегендер арбын. Бирок эшик ачык болгону менен батир тар. Эки бөлмөлүү батирге айына 17 миң сом төлөнөт

"Дайыма эле бир киши тамак жасап же төшөк салбайт. Улам кызматтарын алмаштырып турабыз. Келинчегим менен Даяна (балбандардын улуусу — ред.) кыздарга конок тоскондон тарта кийим-кечесине чейин кеңешин айтып турат," — деди кыздардын агайы.

Балбандарга баш көз болуп, сырын угуп, тарбия беришкен Даяна. Ал сиңдилеринин кайгы-муң, кубанычынын баарын билет.

"Жаңы келгенде ата-энемди сагынып ыйлагам. Баары эле жаңы келгенде куса болуп кыйналат. Көкүрөгүмө кысып, "чыдагыла" деп айтам. Кийин тескерисинче үйлөрүнө баргылары келбей, бул жакка качып калышат. Агайга айта албаган сырларды, кызга тиешелүү маселелерди мага айтышат," — деди Даяна.

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбандарды алдыда ири мелдештер күтүп турат. Жумасына күрөш менен төрт жолу үч сааттан машыгып, калган күндөрү чуркап, булчуңдарды чыңдашат Слайд-фотолор
Воспитанники тренера по женской борьбе среди кадетов Усоналы Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Балбандарды алдыда ири мелдештер күтүп турат. Жумасына күрөш менен төрт жолу үч сааттан машыгып, калган күндөрү чуркап, булчуңдарды чыңдашат Слайд-фотолор

Учурда машыктыруучунун колунда тарбияланам дегендер арбын. Бирок эшик ачык болгону менен батир тар. Биз отурган эки бөлмөлүү батирге айына 17 миң сом төлөнөт. Алты балбан кыздан сырткары машыктыруучу, анын жубайы жана уулу жашайт. Кыздардын ата-энеси каралашып турганы менен спортчуларды каржылоо кыйын. Рыскулов машыктыруучулуктан башка иш кылбайт. Жалгыз каржы булагы — Суусамырдагы чакан тамактануучу жайы.

Таңчолпон — Танка, Айжан — дүйнөлүк балбандардын фанаты

Кепти машыгуу залынан уланттык. Балбандарды алдыда ири мелдештер күтүп турат. Жумасына күрөш менен төрт жолу үч сааттан машыгып, калган күндөрү чуркап, булчуңдарды чыңдашат. Дем алыш күндөрү тоодо чуркап, атайын мончого түшүшөт. Баса, күндө кечинде тер болгон үймө кийимдерди жууп тазалоонун өзү да машыгуу.

Ар бир кыздын бири-бирине окшобогон кулк-мүнөз, сапат, өзгөчөлүктөрү жана кемчиликтери бар. Аны машыктыруучусунан артык эч ким билбейт.

Маселен, Даянанын спорттогу өзгөчөлүгү — жоопкерчиктүү жана чыдамкай. Кемчилиги — кичи пейил, жүрөгү жумшак, боорукер. Агайы спортто оройлук да керек деп эсептейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековДаяна Жакып кызы 18 жашта. Кыргызстандын эки жолку чемпиону, ЖОЖдор арасындагы чемпионаттын жеңүүчүсү
Даяна Жакып кызы 18 жашта. Кыргызстандын эки жолку чемпиону, ЖОЖдор арасындагы чемпионаттын жеңүүчүсү - Sputnik Кыргызстан
1/6
Даяна Жакып кызы 18 жашта. Кыргызстандын эки жолку чемпиону, ЖОЖдор арасындагы чемпионаттын жеңүүчүсү
© Sputnik / Табылды КадырбековГүлүмкан Жылдызбек кызы 15 жашта. КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси
Гүлүмкан Жылдызбек кызы 15 жашта. КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси - Sputnik Кыргызстан
2/6
Гүлүмкан Жылдызбек кызы 15 жашта. КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси
© Sputnik / Табылды КадырбековТаңчолпон Кабылбекова 13тө. Былтыр Кыргызстандын чемпиону аталса, быйыл күмүш медаль тагынды
Таңчолпон Кабылбекова 13тө. Былтыр Кыргызстандын чемпиону аталса, быйыл күмүш медаль тагынды - Sputnik Кыргызстан
3/6
Таңчолпон Кабылбекова 13тө. Былтыр Кыргызстандын чемпиону аталса, быйыл күмүш медаль тагынды
© Sputnik / Табылды КадырбековБермет Нуридин дагы 15 жашта. "Азиянын балдары" мелдешинде жана Азия чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Белоруссияда өткөн эл аралык турнирдин күмүш медалынын ээси
Бермет Нуридин дагы 15 жашта. Азиянын балдары мелдешинде жана Азия чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Белоруссияда өткөн эл аралык турнирдин күмүш медалынын ээси - Sputnik Кыргызстан
4/6
Бермет Нуридин дагы 15 жашта. "Азиянын балдары" мелдешинде жана Азия чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Белоруссияда өткөн эл аралык турнирдин күмүш медалынын ээси
© Sputnik / Табылды КадырбековАйжан Сабырбек кызы 15 жашта. "Азиянын балдары" оюнунда жана Азия чемпионатында бешинчи орунга ээ болгон, КРдин үч жолку чемпиону
Айжан Сабырбек кызы 15 жашта. Азиянын балдары оюнунда жана Азия чемпионатында бешинчи орунга ээ болгон, КРдин үч жолку чемпиону - Sputnik Кыргызстан
5/6
Айжан Сабырбек кызы 15 жашта. "Азиянын балдары" оюнунда жана Азия чемпионатында бешинчи орунга ээ болгон, КРдин үч жолку чемпиону
© Sputnik / Табылды Кадырбеков13 жаштагы Назгүл Сарыбекова Кыргызстандын биринчилигинде коло байгеге татыган
13 жаштагы Назгүл Сарыбекова Кыргызстандын биринчилигинде коло байгеге татыган - Sputnik Кыргызстан
6/6
13 жаштагы Назгүл Сарыбекова Кыргызстандын биринчилигинде коло байгеге татыган
1/6
Даяна Жакып кызы 18 жашта. Кыргызстандын эки жолку чемпиону, ЖОЖдор арасындагы чемпионаттын жеңүүчүсү
2/6
Гүлүмкан Жылдызбек кызы 15 жашта. КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси
3/6
Таңчолпон Кабылбекова 13тө. Былтыр Кыргызстандын чемпиону аталса, быйыл күмүш медаль тагынды
4/6
Бермет Нуридин дагы 15 жашта. "Азиянын балдары" мелдешинде жана Азия чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Белоруссияда өткөн эл аралык турнирдин күмүш медалынын ээси
5/6
Айжан Сабырбек кызы 15 жашта. "Азиянын балдары" оюнунда жана Азия чемпионатында бешинчи орунга ээ болгон, КРдин үч жолку чемпиону
6/6
13 жаштагы Назгүл Сарыбекова Кыргызстандын биринчилигинде коло байгеге татыган

Айжандын күрөшкө болгон кызыгуусу өтө эле күч, оюна койсо күн-түнү деле машыга берет. Качан көрсөң телефонунда дүйнөлүк балбандарга көз жүгүртүп отурганын көрөсүң. Бирок ашканада чабал.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова менен Махмудов баштаган балбандар канча табат? Мамлекеттик стипендия
Бермет бой жетип калса да, жан дүйнөсү наристеникиндей. Көкүрөгүндө куулук-шумдугу жок. Ушундай мамилеси менен айланадагы кыздардын чоң урмат-сыйына ээ.

Гүлү сөз табышкан жагынан мыкты. Элпек, оюңду айттырбай билет. Кемчилиги — чуркаганда бат чарчап калат.

Таңчолпон — өжөр, көк бет кыз. Спортто бул эң керектүү сапат. Жүрүм-туруму да тарс-турс. Кыздар аны "Танка" деп коет.

Назик келгенине үч ай болду. Сыр бербеген, жоопкерчиликтүү кыз.

Үсөналы Рыскуловдун максаты — кыз-келиндер арасындагы күрөштү өнүктүрүү. Ал беш жылдан бери кыздарды бекер эле машыктырып келген. Мындан үч ай мурун кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама командадагы кадеттердин улук машыктыруучусу болуп дайындалган. Учурда анын карамагында үйдө тарбияланган кыздарынынан сырткары, залда бир нече окуучусу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0