Балбан кыз Алтынай: атаандашымдын акырегин сындырып коюп, ооруканага барып жүрдүм

© Фото / Абдыкалык кызы АйпериСпортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы
Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамарасул кызы Алтынай — учурдун топ жарып чыккан балбаны. Ал күрөшкөнгө да, конок күтүп, дасторкон жайганга да жетишет. Анан да агаларына жардам берип тракторго отуруп жер айдап коет...

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Каарман тууралуу айта кетсек, 1998-жылы 20-июнда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында туулган. Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону. Бел боо, алыш күрөшү боюнча бир нече мелдештин жеңүүчүсү. Былтыр Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын медаль алып келген. Эркин күрөш боюнча спорт чебери, алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Жаш балбан ийгилик сыры, үй-бүлөсү тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

— Алтынай, өтүп кеткен жыл сиз үчүн жемиштүү болду окшойт?

— Туура айтасыз, өткөн жыл мен үчүн көп ийгиликтерди алып келди. Ашхабадда өткөн Азия оюндарында күмүш жана алтын байге алдым, чынында эки медаль алам деп ойлогон эмесмин. Күмүш медалымды деле алтын кылсам болмок. Финалдык беттеште бел боо күрөшү боюнча салмагы менден 20 килограммга оор монголиялык балбан кыз менен чыгып күчүм жетпей калгандай болду. Ошол учурда бутуман жаракат алып калгам. Ага карабай эртеси өз салмагымда алыш күрөшүнөн алтын байге уттум. Желегибиз желбиреп, гимнибиз ойногондо бардык кыйынчылыктар унутулуп, кубанганымдан көзүмө жаш айланып, гимнди ырдаганым алигиче эсимден кетпейт. 2017-жылдын эсебинен эл аралык мелдештерден 6 алтын, 1 күмүш байгеге ээ болдум. 

© пресс-служба ГАМФКиСБалбан кыз Алтынай Мамарасул кызы: желегибиз желбиреп, гимнибиз ойногондо бардык кыйынчылыктар унутулуп, кубанганымдан көзүмө жаш айланып, гимнди ырдаганым алигиче эсимден кетпейт
Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыз Алтынай Мамарасул кызы: желегибиз желбиреп, гимнибиз ойногондо бардык кыйынчылыктар унутулуп, кубанганымдан көзүмө жаш айланып, гимнди ырдаганым алигиче эсимден кетпейт

— Алгач эркин күрөш менен машыгып жүргөн экенсиз, алыш күрөшүнө келишиңизге эмне себеп болду?

— Беш жыл мурда машыктыруучу Кубаныч Таштанбековдун колунда эркин күрөш боюнча машыгып баштадым. Спортко болгон кызыгуум күчөп, залга барбай калсам күнүм өтпөгөндөй сезиле берчү. Бирок тагдыр экен, агайымдын көзү өтүп кетти. Мелдештерге барганда кыздар менен достошуп, бири-бирибизге номерлерибизди берип, турнир болсо кабарлашып турчубуз. Бир күнү Нарында боло турчу мелдешке чакырып калышты. Апам мени алыска чыгаргандан коркчу. Бирок кызыгуумду четке какпай жиберди. Барганым жакшы болуптур, ал жактан биринчиликти алдым. Көп өтпөй машыктыруучу Руслан Искеновдун сунушу менен Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык-резервдик окуу жайга тапшырдым. Күрөш боюнча көптөгөн ийгиликке жетип, 17 жашымда КРдин спорт чебери аталдым. Кийин өзүм туулуп-өскөн Ош шаарындагы мамлекеттик университетке тапшырганыма байланыштуу спорт мектебин толук бүтө албай калдым.

Церемония открытия зимних Азиатских игр в Саппоро - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спорту бул жылы эмнеси менен эсте калды
Алыш күрөшүнө өтөм деген ой болгон эмес. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна эки жума калганда эле алыш боюнча машыктым. Мелдеште 33 жаштагы түркмөнстандык дасыккан балбан менен кездешип, натыйжада күмүш медаль тагындым. Эгер жеңилүү ызасын тартпаганда, бул спорттун түрүндө андан ары өзүмдү сынамак эмесмин. Утулуп калганым кийинки беттештерде өзүмдү көрсөтүүгө стимул берди. Анан да алыш күрөшү өзүнүн кийиле турчу формасы жана өзгөчө ыкмалары менен жакты. Кийин КРдин алыш курама командасына кошулуп, агайыбыз Кабыл Бөрүбаевден көптөгөн кеп-кеңештерди алып келе жатам.

— Мектептеги окуучулук кезиңиз кандай өттү? Тентек кыз белеңиз?

— Тентек деле эмес болчумун, бирок мага тийишкенден баары коркчу. 7-класста болсо керек, класска жаңы бала келип калды. Аябай тентек экен. Бир күнү сабакта отурсам чачымдан тартып кыжырыма тийди. Тыныгуу учурунда мугалим эшикке чыгаары менен экинчи тийишкис кылып сабап салгам. Ошону классташтарым азыркыга чейин айтат.

— Балбан кыз деген сөздү кандай кабыл аласыз?

— Жакшы эле кабыл алам. Бирок кээде "мен бой жетип калдым, Алтынай деп эле кайрылганды туура көрөт элем" деп айтып калам. 

© пресс-служба ГАМФКиСАлтынай Мамарасул кызы: спортко болгон кызыгуум күчөп, залга барбай калсам күнүм өтпөгөндөй сезиле берчү
Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Мамарасул кызы: спортко болгон кызыгуум күчөп, залга барбай калсам күнүм өтпөгөндөй сезиле берчү

— Учурда Кыргызстанда алыш күрөшүнүн деңгээли Кудайга шүгүр, атаандаштар көбөйдүбү?

— Туура айтасыз, тең тайлашкандар көп. Алар дагы оңой балбандардан эмес. Биринчиликти кармап туруу кыйын, бирок Кудайым күч-кубат берип турганда ордумду бербейм.

— Аз-аздан эл оозуна алынып келе жатасыз. Жан дүйнөңүздө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?

— Эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Башында кандай Алтынай болсом азыр деле ошондоймун. "Башың көккө жетсе дагы, жерде экениңди унутпа" деген кеп бар эмеспи. Өзүмдү токтоо, жөнөкөй алып жүргөнгө аракет жасайм.

— Мелдеш учурунда атаандашыңыз жаракат алып калбасын деп аяйсызбы?

— Жаңы күрөшүп жүргөндө Оштогу мелдеште кокусунан атаандашымдын акырегин сындырып алдым. Ошондо тиги кыздын ордуна өзүмдү коюп, аябай ичим ачышты. Ал операция болгондо күндө ооруканага барып, кабар алып турдум. Бирок башка өлкөнүн кыздары менен беттешкенде аёо сезими болбойт. Эмне болсо да утуш керек.

— Өзүңүз жаракат алдыңыз беле?

— Жаракат алгандан корком. Бир жериң бүлүндү дегичекти, артка кетесиң. Тыныгуу алып калсаң мелдештерден куру каласың. Күч сынашууга аз калганда жакшылап тердеп, денемди кызытып алып чыгам. Олуттуу жаракатым деле жок. Жогруда айтып өткөндөй Ашхабадда өткөн Азия оюндарында эле бутумду оорутуп алгам, азыр жакшы. 

© Фото / предоставлено Алтынай Мамарасул кызыАлтынай Мамарасул кызы: 7-класста, класска жаңы бала келип калды. Аябай тентек экен. Бир күнү сабакта отурсам чачымдан тартып кыжырыма тийди. Тыныгуу учурунда мугалим эшикке чыгаары менен экинчи тийишкис кылып сабап салгам
Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Мамарасул кызы: 7-класста, класска жаңы бала келип калды. Аябай тентек экен. Бир күнү сабакта отурсам чачымдан тартып кыжырыма тийди. Тыныгуу учурунда мугалим эшикке чыгаары менен экинчи тийишкис кылып сабап салгам

— Оштун спорт комитетинде машыктыруучу болуп эмгектенет экенсиз. Окуучу кыздарды тарбиялоо оорбу? Шакирттериңиз кандай ийгиликтерге жетишкенге үлгүрүштү?

— Машыктыруучу болуп эмгектенип келе жатканыма бир жылдын жүзү болду. Негизи мелдештерге катышып, ошол эле учурда окуучуларды тарбиялаган кыйын. Кыздарымдын спортко болгон кызыгуулары күч. Мелдештерге четинен катышып кубандырып келе жатышат. Азыр КРдин биринчилигине даярданышууда. Буюрса жеңишке жетишет деп ойлойм.

— Алган сыйлык акчаларыңызды эмнеге жумшайсыз?

— Бардыгын ата-энеме өткөрүп берем. Алардын колдоосу, жылуу сөзү мага дем берет.

— Спорт менен машыккандан сырткары үй тиричилигине жардамдашканга убактыңыз жетеби?

— Мен айылда эле чоңойгон кызмын. Талаа жумуштары көп. Дем алыш күндөрү айылга барып чарбага жардам берем. Бир жолу үйдө эч ким жок болгондуктан жер айдалбай калды. Эртеси жамгыр жаайт деп аба ырайынан көргөзүп жаткан. Анан тракторду от алдырып алып жерди айдап келе жатсам, астымдан агам чыгып аябай күлгөн. Үйгө келсем атам "эркек бала эле болсоң болмок" деп сүйүнүп алыптыр. 

© Фото / предоставлено Алтынай Мамарасул кызыАлтынай Мамарасул кызы: атам Мамарасул Эргешбаев көк бөрү боюнча спорт чебери
Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Мамарасул кызы: атам Мамарасул Эргешбаев көк бөрү боюнча спорт чебери

— Машина айдаганды үйрөнгөнүңүзгө көп эле болдубу? Өзүңүздүн унааңыз барбы?

Кыргызстанский марафонец Адилет Кыштакбеков - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы марафондо биринчи келген Адилет: жарыш алдында 20 саат ачка жүрдүм
— Үч жыл мурда үй-бүлөбүз менен тоого эс алганы барып калдык. Ошондо атама машина айдаганды үйрөтүңүзчү десем "азыр жашсың" деп койду. Анан эч кимге айтпай атамдын "Жигулисин" от алдырып көрүп, бурам деп атып бак-дарактын арасына кирип кеттим. Дагы жакшы токтотуп калганга үлгүрдүм. Анан акырын машинаны ордуна алып барып эч нерсени билбегендей басып кеттим. Ушинтип кызыгып жүрүп үйрөнүп кеткем. Бир жыл мурда спорттон тапкан акчама Mazda сатып алгам. Эркелетип "ийгилик" деп коем. Тулпарымды алгандан бери көп ийгиликтерге жетип келе жатам.

— Ашканада кандайсыз?

— Мактангандай болбоюн, тамакты түрлөп өзгөчө мантыны жакшы жасайм. Конок тосуп, дасторкон жайганды жакшы көрөм.

— Сизди эл күрөш учурунда спорттук кийимчен көрүп көнүп калган. Гардеробуңузда көйнөк, бийик такалуу бут кийим барбы?

— Башында спорттук кийим менен жүргөн ыңгайлуу болчу. Азыр тескерисинче көйнөк, бийик такалуу бут кийим кийип жүргөнгө аракет кылам. Кара түстөгү, узун фасондогу көйнөктөр жагат.

— Сулуулук салондоруна каттайсызбы?

— Кечелерде, тойдо баш багып турам. Боенуп жүргөн көп жага бербейт. Анын үстүнө убактым дагы тар. 

— Айсулуу Тыныбекова Олимпиададан алтын тагынмайынча жеке турмушум тууралуу ойлонбойм деп айткан. Сизде бул жагы кандай?

— Кыз бала үчүн жубай, эне болуу биринчи орунда. Спорттун деле өмүрү кыска. Убакыт сааты келгенде турмуштан кеч калбаш керек деп ойлойм. 

© Фото / предоставлено Алтынай Мамарасул кызыАлтынай Мамарасул кызы: кыз бала үчүн жубай, эне болуу биринчи орунда. Спорттун деле өмүрү кыска. Убакыт сааты келгенде турмуштан кеч калбаш керек деп ойлойм
Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Мамарасул кызы: кыз бала үчүн жубай, эне болуу биринчи орунда. Спорттун деле өмүрү кыска. Убакыт сааты келгенде турмуштан кеч калбаш керек деп ойлойм

— Колуңузду сураган жигиттер барбы?

— Көп эле. Азыр жашмын, үй-бүлө куруу жөнүндө ойлоно элекмин.

— Үй-бүлөңүз, бир туугандарыңыз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

Тайбокс жана жекеме-жеке таймаш боюнча көп жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
7 жылдан кийин Кыргызстанга келген Шевченко: "Ош" базардагы түртүшмөйдү да сагындым
— Ата-энем Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болушат. Атам Мамарасул Эргешбаев көк бөрү боюнча спорт чебери. Манастын 1000 жылдыгында 116 килограмм ташты бир нече метрге чейин көтөрүп элди таң калтырган. Менин спортко аралашып калышыма атамдын да салымы бар. Балбанчылык ата-тегибизде болгон экен. Атам пайгамбар жашында болсо да көк бөрү, волейбол, баскетбол оюндарын ойноп, гиря көтөрүп, турникке тартылат. Апам Дөөлөткан Каипова башталгыч класстын мугалими. Мен беш бир туугандын кенжесимин. Бир эжем, үч байкем бар. Бардыгы турмуштан ордун тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0