Алматыда өткөн ушу турниринде КР спортчулары 20 медаль тагынышты

© Фото / Федерация ушу КРКазакстанда өткөн ушу боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар 20 медаль утушту
Казакстанда өткөн ушу боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар 20 медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңишке жеткен спортчулар эл аралык турнирлерге жолдомо алышты

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Казакстанда өткөн ушу боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар 20 медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын ушу федерациясынан билдиришти.

Ага ылайык, "Звезды Алатау – 2017" аталышындагы мелдеш 6-7-июль күндөрү Алматы шаарында өттү.

"14 спортчудан турган улуттук курама 11 алтын, 7 күмүш жана 2 коло медаль утушту. Командага ушу федерациясынын вице-президенти Нещерет Натальи жетекчилик кылып барган", — деп жазылат маалыматта.

Алматыда жеңишке жеткен спортчулар эл аралык турнирлерге жолдомо алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0