Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр дүйнө чемпионатында күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековСууда сүзүүчүлөр чемпионат учурунда. Архив
Сууда сүзүүчүлөр чемпионат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө биринчилигине катыша турган спортчулар Ысык-Көлдө машыгып жатат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июлдан 30-июлга чейин Венгриянын борбору Будапештте сууда сүзүү боюнча дүйнө биринчилиги өтөт. Мелдешке Кыргызстандын атынан Виктория Панасенко, Кирилл Вайс жана Денис Петрашов катышат.

Учурда алар Ысык-Көл жээгинде машыгууларын өткөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0