Кыргызстандын 10 олимпиада чемпиону

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү2014 кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгуу. Архив
2014 кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл жайында Рио-де-Жанейро шаарында жайкы олимпиадалык оюндардын оту жанат. Кыргызстан 1994-жылдан тарта гана Атлантадагы оюндардан баштап олимпиадалык мелдешке өз желеги менен катыша баштаган. й

Совет Союзунун курамы менен кыргызстандык саналуу спортчу Москва, Сеул, Барселона олимпиадалык оюндарында бийиктиктерди багынтып өлкөнү тааныткан. Андан бери доор алмашты. Аларды мурунку курактагы спорт күйөрмандары гана таанып-билген болсо, азыркы жаштардын көбү кыргызстандык олимпиада чемпиондорун жакшы биле бербейт. Спорттук баяндамачы Кабыл Макешов окурмандарга 10 олимпиада чемпионун жакындан тааныштырып бермекчи. 

© Sputnik / Алексей Федосеев / Медиабанкка өтүүКөзгө атаар мерген, рекордчу Александр Мелентьев
Александр Мелентьев - Sputnik Кыргызстан
Көзгө атаар мерген, рекордчу Александр Мелентьев

Көзгө атаар мерген, рекордчу Александр Мелентьев

СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, маркум Александрдын ата-энеси курулушта иштегендиктен, ал да жашынан түйшүкчүл, эмгекчил болуп өскөн. 1969-жылдан баштап ок атуу спортуна кызыгып, тапанчадан таамай атуу менен машыга баштайт. Аны чоң спортко алып келген биринчи устаты – Александр Курбанов. Машыкканына үч жыл боло электе эле элге таанылып, "эл аралык спорт чебери" даражасына жеткен. Кийин аны Эрнист Каримов машыктырат. 

Мелентьевдин багын 1980-жылкы Москва олимпиадасы ачты. Баш байге үчүн 33 мерген күч сынашып, тапанчадан 50 метр аралыктан 60 ирет ок чыгарып Александр дүйнөлүк рекордду 581 упай менен жаңырткан. Олимпиаданын чемпиону аталып, алтын медаль тагынган.

1982-жылы да дүйнө чемпионатында жеңишке жетишкен. 

1985 жана 1991-жылы СССРдин жана Европанын эки жолку чемпиону болсо, 1984-жылы Сеулда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль жеңип, дүйнөлүк рекордду дагы жаңырткан. 1989-жылы Аргентинадан да дүйнө чемпиону болуп кайткан. Союз ыдыраганы ал чет өлкөлөрдө устат болуп иштеп жүрүп, 2015-жылы жазында Бишкекте катуу оорудан кийин каза болгон. 

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЖелдей учуп, жети метрден алыс секирген Татьяна Колпакова
Празднование Дня космонавтики в Королеве - Sputnik Кыргызстан
Желдей учуп, жети метрден алыс секирген Татьяна Колпакова

Желдей учуп, жети метрден алыс секирген Татьяна Колпакова

1980-жылкы Москва Олимпиадасында тушоосу кесилип, алтын медаль тагынып, кыргыз спортун дүйнөгө тааныткандардын бири Татьяна Колпакова жеңил атлетика менен 1973-жылдан тарта машыга баштаган. Аны чоң спорттун дүйнөсүнө алып келген Лев Эльтерман болгон. 

1979-жылы СССР спортунун эл аралык чебери аталган. Колпакованын жеке рекорддору 621 сантиметр менен башталып, үч жылда 706 сантиметрге жеткен. Ушул кезге чейин Кыргызстанда бул рекорд жаңыртыла элек. 

1985-жылы СССРдин чемпионаты, Кубогунда байгелүү орунду ээлеген. Чоң спорттон кийин машыктыруучу болуп иштеп жүрүп, учурда Москва облусунда жашап, спорт мектебинде иштээри белгилүү. Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын демилгеси менен Колпакованын байгеси үчүн ар жылы Бишкекте эл аралык турнир өткөрүлүп келет.

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүАттын кулагы менен тең ойногон Александр Блинов
Серебряный призёр Олимпиады Александр Блинов на соревнованиях по троеборью во время проведения XXII Олимпийских игр в Москве - Sputnik Кыргызстан
Аттын кулагы менен тең ойногон Александр Блинов
Аттын кулагы менен тең ойногон Александр Блинов

1980-жылы Москва Олимпиадасы кыргызстандык спортчу Александр Блинов үчүн да жемиштүү болгон. Ат спортунда жеке жана командалык байге ыйгарылып, упай топтолот. Манеждеги ат ойнотуу мелдешинде Блинов "Галзун" деп аталган тулпары менен араң 18 орунга ээ болгон. Спорт адистери андан үмүт деле кылбай калышкан. Кийинки мелдештер жамгыр катуу жаап, Битцевский токой-паркындагы ылай-баткакка айланган ат майданда өтүп, өнөр көрсөтүү кыйынга турду. Өзгөчө ат секирүүчү тоскоолдуктардын эки жагы тең тайгалак болгону, атчандар үчүн кооптуу эле. Анан калса 33 тоскоолдуктан өтүү керек эле. Мына ушундай катаал шартта Блинов чеберчилигин, шамдагайлыгын, эрктүүлүгүн көрсөтүп, экинчи орунга ээ болгон. Үчүнчү чечүүчү мелдеште спортчу "Галзун" күлүгү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, 15 тоскоолдукту таамай, так секирип өтүп, 120,8 упайга ээ болгон. Ошентип, кыргызстандык Блинов жеке таймашта күмүш медалдын ээси болсо, командалык эсепте СССРдин курама командасынын намысын талашканы үчүн тарыхта биринчи жолу чемпиондук алтын медаль тагынган.

Александрга ат спортунун сырын үйрөткөн устаты, Кыргызстандын биринчи олимпиадачысы Сайботтал Мурсалимов болгон. 

Учурда Блинов Москва шаарында жашап, иштеп жүрөт.

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүүКыргызды дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев, кандидат в члены олимпийской сборной команды СССР по тяжелой атлетике - Sputnik Кыргызстан
Кыргызды дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев
Кыргызды дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев

Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргыз маданиятына эмгеги сиңген ишмер Каныбек Осмоналиев кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан азаматтардын бири. Каныбек 1953-жылы Кемин районунун Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгы айыл жергесинде өткөн. Атасынан 2 жашында ажырап, эрте курактан эмгекчил, мээнеткеч болуп, чыйрак өстү. Жаш кезинен эле спортко ынак эле, боюнун кичинесине карабай, футбол, баскетбол ойночу. Кыргыз мамлекеттик Университетинин тарых факультетинде окуп жүргөндө, күрөшкө барып жүрдү. Анын жөндөмүн байкап, багын ачып, чоң спортко алып келген устаты Семен Давыдович Иткин болду. 1978-жылы АШКнын Гетисберг шаарында дүйнө чемпионатынын алтын медалын тагынса, кийинки жылы Грецияда экинчи жолу дүйнө чемпиону аталган. 

Москва олимпиадасы Каныбек үчүн да, кыргыз эли үчүн да унутулгус мезгил. Эң жеңил салмактагы оор атлетчилердин атаандашуусу курч мүнөздө өтүп, жалпы көрсөткүч боюнча 245 килограмм салмакты төрт балбан көтөргөн. Алар кореялыктар Хан Ген Си, Хо Бонг Чон, венгриялык Беила Олах жана кыргызстандык Каныбек Осмоналиев эле. Булардын арасынан салмагы баарынан жеңил Каныбекке алтын медаль ыйгарылган. Каныбек Осмоналиев даңкына жараша жүк көтөрдү. Кыргыз спортунун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошту. Ал өлкөнүн дене тарбия, спорт комитетине төрага, министр, оор атлетика федерациясынын президенти, олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси кызматтарын аркалады. Учурда республикалык олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинин директору, жаштардын насаатчысы. 

© Sputnik / Р. Максимов / Медиабанкка өтүүДулдул, жөө күлүк Николай Чернецкий
Николай Чернецкий - Sputnik Кыргызстан
Дулдул, жөө күлүк Николай Чернецкий

Дулдул, жөө күлүк Николай Чернецкий

1979-жылы кыргызстандык жөө күлүк Николай Чернецкий жаштар арасында Европанын чемпионатында алтын медаль тагынып чемпион аталса, ошол жылы СССРдин чемпионатында 400 метр жарышта алдыга озуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, СССРдин чемпиондук наамын жеңип алган. Ошондой эле 400 метрден 4 жолу эстафеталык жарышта СССРдин жөө күлүктөр командасы 1980-жылы Москва олимпиадасында марага биринчи келип, олимпиадалык оюндардын алтын медалын тагынышты. Ошол 4 жигиттин (Р.Валюлис, М.Линге, Н.Чернецкий жана В.Маркин) катарында кыргызстандык Николай Чернецкийдин турганы өзгөчө сыймыкка бөлөгөн. Николай Европанын чемпиондугун эки ирет жеңип, мыкты жөө күлүктөрдүн алдыңкы сабына кошулган. Азыр Москвада жашайт. 

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСпорттон бакыт тапкан Мария Кулчунова (Пинигина) жана Павел Пинигин
Борец, чемпион Олимпийских игр в Монреале 1976 года Павел Пинигин и легкоатлетка, чемпион Олимпийских игр в Сеуле 1988 года Мария Пинигина во время Эстафеты Олимпийского огня в Якутске - Sputnik Кыргызстан
Спорттон бакыт тапкан Мария Кулчунова (Пинигина) жана Павел Пинигин

Спорттон бакыт тапкан Мария Кулчунова (Пинигина)

Жеңил атлетика боюнча олимпиада чемпиону Мария Кулчунованын чоң спортко кадамы 70-жылдары башталган. Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатта билим алып, тагдырын спортто сынап, бак-таалайды да, урмат-сыйды да спорттон тапты. Карапайым кыргыздын кызы Мария Союзга гана таанылбастан, СССРдин курама командасынын катарында 1988-жылы Сеул олимпиадасында мөрөй талашып, олимпиадалык бийиктикти багындырып, алтын медалга арзыган. 1987-жылы Европа чемпиону болгон. Ал эми 1983-жылы дүйнөлүк чемпионатта коло медалды жеңип, мыктылардын сабына кошулган. ГДР, АКШ өлкөлөрүнүн командалары менен беттешүүлөрдө артыкчылыгын, чеберчилигин көрсөткөн. Мария чоң спорттон кеткени "Спартак" коомунда машыктыруучу болуп жүрдү. Жаштарга насаатчы болуп, бай тажрыйбасын бөлүштү. Анын өмүрлүк жары – Павел Пинигин да эркин күрөш боюнча дүйнөнүн, олимпиаданын чемпиону. Мария азыр Якутск шаарында үй-бүлөсү менен турат.

Футболдон олимпиада чемпиону Сергей Фокин

1988-жылы Сеул олимпиадасында СССРдин олимпиадалык футбол командасынын катарында ойноп, чемпион болгон бишкектик Сергей Фокин тууралуу көптөрдүн маалыматы жок. Аны футболдун керемет дүйнөсүнө алып келген алгачкы устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу — Акрам Юнусов. 

Фокин — 1961-жылы, Бишкекте туулган. Анын футболго болгон ышкысын ойготкон экинчи устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Агеев болду. Союз учурунда экинчи Лиганын "А" тобунда бир жылдай ойноп, айтылуу "Алга" командасында коргоочу болуп жүрдү. Анан Алматынын "Кайрат" командасында ойноп, футболдук даңазасы тез башталды. Союздагы атактуу команданын бири болгон "ЦСКА" футболдук клубуна кабыл алынып, СССРдин курама командасына кирди. 1986-87-жылдары анын атак-даңкы чагылгандай жарк этип, бат таанылды. Спорттук чоң держава болгон СССРдин аймагындагы миңдеген футболчуларынан Сергей Фокиндин жылдызы жанып, 1988-жылы Сеул олимпиадалык оюндарында курама команданын катарында кыргызстандык Фокин дагы олимпиадалык чемпион аталды. 1990-жылы Италияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп, СССРдин курама командасынын катарында бишкектик Сергей Фокин да ойногон. СССР ыдырай баштаган учурда 1991-жылы "ЦСКА" командасы союздун акыркы чемпиону катары тарыхта калды. Ошол "ЦСКА" командасында ойногон Фокин дагы СССРдин акыркы чемпиондугунда алтын медалын тагынуу бактысына туш болду. Сергей Фокин СССР ыдырап тарай баштаган учурда Германия өлкөсүнө кеткен. 1993–2000-жылдары Германиянын «Айнтрахт» командасынын катарында ойногон. 2003-жылдан бери Брауншвейге шаарындагы "Фольксваген" автозаводунда иштейт.

Шумкардай шукшурулган чабуулчу Татьяна Сидоренко

Волейболдон кыргызстандык олимпиада чемпиону бар десек, кээси ишенбейт. Ооба, Кыргызстандан таалим-тарбия алып СССРге эмгек сиңирген спорт чебери, Сеул олимпиадасынын чемпиону Татьяна Сидоренко 1966-жылы Бишкекте туулган. Ага КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Анатолий Петров устаттык кылып, бул спорттун сырын үйрөткөн. 1982-жылы Москва шаарында айтылуу "ЦСКА" командасында ойноп, 1984-жылы жаштар арасында Европанын, 1985-жылы СССРдин чемпиону болгон. 1984-жылы СССРдин кубогун утуп, 1986-жылы СССР элдеринин спартакиадасынын чемпиону аталган. 1985-1992-жылдары жети жыл бою СССРдин тандалма командасынын чабуулчусу болгон. 1988-жылы Сеул олимпиадасында СССРдин тандалма командасынын курамында олимпиада чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. 1992-жылы Барселона олимпиадасында Шериктеш өлкөлөрдүн тандалма командасынын катарында ойноп, күмүш байгелүү болгон. 1990-жылы дүйнөнүн чемпиону болуп, дүйнө чемпионатында бир жолу күмүш, эки ирет коло медалга арзыган. Европанын 3 жолку чемпиону. 1992-жылдан 2002-жылга чейин Италия, Хорватиянын бир нече клубдарында ойногон. 1998-жылы Хорватиянын тандалма командасынын курамында дүйнө чемпионатына катышкан. Учурда Москвада жашап, №1308 орто мектепте дене тарбия мугалими жана машыктыруучу болуп иштейт.

© AFP / CARSTEN REHDERБарселона олимпиадасынын чемпиону Талант Дүйшөбаев
Личности, прославившие Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Барселона олимпиадасынын чемпиону Талант Дүйшөбаев

Дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу Талант Дүйшөбаев

Кол тобу (гандбол) боюнча СССРге эмгек сиңирген спорт чебери, Барселона олимпиадасынын чемпиону Талант Дүйшөбаев 1968-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгачкы машыктыруучусу — өлкөгө эмгек сиңирген устат Валерий Захарчук. Талант Бишкек политехникалык инситутунда окуп жүргөндө СССРдин жаштар курама командасына чакырылып, 1990-жылы Москванын ЦСКА командасында ойноп, ЦСКАнын, СССРдин, КМШнын жана Испаниянын кол топ боюнча курама командасынын капитаны болгон. СССРдин, Европанын, Дүйнөнүн, Олимпиадалык оюндардын (Барселона, 1992) чемпиону аталган. Ал Борбор Азия элдеринин тарыхында кол тобунан алгачкы Олимпиада чемпиону. 1993-жылдан бери Испаниянын олимпиадалык командасынын катарында ойноп, Испаниянын 5 жолку чемпиону аталып, Испаниянын кубогун 6 ирет утуп, чеберчилиги өтө жогору бааланган. Испаниянын спорт институтун бүтүргөн. 1996-жылы Атланта Олимпиадасында ал Испаниянын курама командасынын тарыхта биринчи жолу коло байгеге жетүүсүнө зор салым кошкон. Испанияга 2000-жылы Сидней олимпиадасында дагы коло байге утуп берген. Ал кол тобу боюча 20-кылымдын эң мыкты спортчусу аталган. Германияда, Испанияда, Польшада машыктыруучу болуп иштеген. Учурда Талант Венгрия өлкөсүнүн тандалма командасынын машыктыруучусу болуп эмгектенет. Учурда эки уулу тең ата жолун жолдоп, кол тобу менен машыгып, Испаниянын уландар, жаштар тандалма командасында ойноп жүрөт. 

© AFP / TIMOTHY A. CLARYБаскетбол багын ачкан бишкектик Елена Баранова
Заслуженный мастер спорта СССР по баскетболу, чемпионка Елена Баранова - Sputnik Кыргызстан
Баскетбол багын ачкан бишкектик Елена Баранова

Баскетбол багын ачкан бишкектик Елена Баранова

Баскетбол боюнча СССР эмгек сиңирген спорт чебери, Барселона олимпиадасынын чемпиону Елена Баранова 1972-жылы Бишкекте туулган.1982-жылдан баштап Бишкек шаарында алгачкы устаты Людмила Русскихтен баскетбол боюнча сабак ала баштаган. 14 жашында Бишкектин (Фрунзе) "Строитель" командасында ойноп, 1987-жылы 15 жашында СССРдин өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү болгон. 17 жашында (1987-жылы) СССРдин курама командасына мүчө болуп, 3 олимпиадага катышып, (1992-ж. Барселона, 1996-ж. Атланта, 2004-ж. Афина), Барселонада Шериктеш өлкөлөрдүн командасында ойноп, олимпиада чемпиону болгон. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (1998, 2002) болуп, дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш медалга арзыган. Европанын 7 жолку чемпиону. Орусиянын 6 жолку чемпиону жана 2002-2004-жылдары Орусиянын кыз-келиндер курама командасынын капитаны болгон. ХХ кылымдагы Орусиянын эң мыкты баскетболчусу аталган. АКШ, Израиль, Түркия, Италия, Испания клубдарында ойногон. Учурда Москвада жашап, машыктыруучу болуп иштейт.

PS: Олимпиадалык оюндарда күмүш жана коло байге уткан кыргызстандык спортчулар Александр Абушахмедов, Сатымкул Жуманазаров, эгемен өлкө болгону олимпиадалык байге алган балбандар Айдың Смагулов, Канатбек Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев тууралуу дагы кийин кеп кылабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0