Министрлик кафеде тамакка уулангандар эмнеге көбөйүп жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкери. Архив
Тез жардам кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Уулануу 23-октябрда эле катталганы менен жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Sputnik агенттиги бул сан эмнеге кафе жабык болсо деле өсүп жатканын сурады.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин тамагына уулангандардын саны жабыркагандар убагында медициналык жардамга кайрылбагандыктан өсүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
27-октябрга карата тамакка уулангандардын саны 253кө жеткени айтылган. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары эки күн мурда эле жабылган болчу.
"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, жабыркагандардын көбү анамнез (медкароо тууралуу маалымат) чогултуп жатканда 23-24-октябрь күндөрү ошол кафеден тамак жегенин айтышкан. Дал ушул күнү уулануу учуру катталган. Бирок бул адамдар үйдөн эле дарыланып, абалы оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан", — деди министрликтин өкүлдөрү.
Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке жеткен. Ал эми кечээ, 26-октябрда, жабыркагандардын саны 179 болду. Алардын 18и балдар.
Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.
Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.
Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0