Камкордукка алынууга толук акылуу. Жапаров улгайгандарды майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Жапаров эл-жердин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн көөнөртпөй сактап, жаш муундарга калтыруу  — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы экенин белгилеген.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кутман куракка жеткен ата-апалар кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнү менен улгайгандарды куттуктоосунда айтылат.
"Карыяларыбыздын айткан акыл кептери менен даанышман ойлору келечекке багыт алган жолдо шам чырак болуп берет. Мамлекет жана коом карыяларыбыздын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көңүл буруп турушу зарыл. Анткени кутман куракка жеткен ата-апаларыбыз кийинки урпактарга, жалпы эле Ата Журтка жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан камкордукка алынууга толук акылуу", — деген ал.
Жапаров эл-жердин руханий баалуулуктарын, улуттук нарк-дөөлөттөрүн, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мураска калтыруу — Кыргызстандын баа жеткис байлыгы экенин белгилеген.
Газета окуп жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жапаров өкмөткө октябрдан тарта пенсияны жогорулатууну тапшырды
"Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын акыл-насааты, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн улуу сабак. Түптүү, байыркы элибиздин жашоо шартында улууларга өзгөчө сый-урмат көрсөтүү - калкыбыздын каада-салтындагы өрнөктүү жөрөлгө, бекем адат", — деп айтылат куттуктоодо.
Куттуктоосунун соңунда президент ак сакалын жайкалткан аталар, ак элечегин башынан түшүрбөгөн энелер төрдүн көркү, акылдын кенчи болуп жүрө беришин каалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0