Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктаган чет элдик президенттердин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо
Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандыктарды постсоветтик мамлекеттердин башчылары, ошондой эле Азиянын, Европанын, Африканын жана башка дүйнөнүн төрт бурчундагы лидерлер куттуктады.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен президент Садыр Жапаровду жана өлкө жарандарын 43 мамлекеттин лидерлери куттуктады.

Төмөндө каалоо-тилектери жазылган телеграмма жолдогон мамлекеттердин лидерлеринин тизмеси берилди.

Постсоветтик өлкөлөр:

  • Россия (Владимир Путин);
  • Азербайжан (Ильхам Алиев);
  • Өзбекстан (Шавкат Мирзиёев);
  • Казакстан (Касым-Жомарт Токаев);
  • Армения (президент Армен Саркисян менен премьер-министр Никол Пашинян);
  • Беларусь (Александр Лукашенко);
  • Украина (Владимир Зеленский);
  • Молдова (Майя Санду);
  • Эстония (Керсти Кальюлайд);
  • Түркмөнстан (Гурбангулы Бердымухамедов);
  • Тажикстан (Эмомали Рахмон).

Азия:

  • Кытай Эл Республикасы (Си Цзиньпин);
  • Түркия (Режеп Тайип Эрдоган);
  • Пакистан (Ариф Алви);
  • Иран (Сейед Ибрагим Раиси);
  • Монголия (Ухнаагийн Хурэлсух);
  • Вьетнам (Нгуен Суан Фук);
  • Таиланд Королдугу (премьер-министр Прают Чан-оча);
  • Шри-Ланка (Готабая Раджапакса);
  • Камбоджа Королдугу (премьер-министр Хун Сен);
  • Сингапур (Халима Якоб);
  • Түштүк Корея (Мун Чжэ Ин);
  • Япония (император Нарухито);
  • Катар (эмир Тамим бин Хамад Аль Тани);
  • БАЭ (Халифа Бин Заед Аль Нахаян);
  • Сауд Аравия (король Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана мураскор ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд).

Африка

  • Марокко (король Мухаммед VI).

Америка

  • АКШ (Жозеф Байден);
  • Куба (Мигель Диас-Каннель Бермудес).

Башка мамлекеттер:

  • Австралия кеңешинин генерал-губернатору Дэвид Херли.
Жаңылыктар түрмөгү
0