Дарыгер тери аркылуу кайсы ооруларды билсе болорун айтты

© Фото / Pixabay/ miapowterrТерисин кармап жаткан кыз. Архив
Терисин кармап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Дарыгер калкан без ооруларында дагы тери кургап, кубарып, шишимик тартып, түлөп, ошондой эле чачтар түшүп, тырмак жукарарын айткан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Теридеги өзгөрүүлөр ар кандай ички оорулардан кабар берерин "Известия" басылмасы дарыгер дерматолог Юлия Чиркинага шилтеме берип жазды.

Адистин айтымында, тери көбүнчө гастроэнтерологиялык ооруларда өзгөрөт. Бул бетте пигмент менен безеткинин пайда болушу жана теринин сезимтал болуп калышы менен коштолот.

"Эндокриндик системанын, тактап айтканда, калкан без ооруларында дагы тери кургап, кубарып, шишимик тартып, түлөйт, ошондой эле чач түшүп, тырмак жукарат", — деген адис.

Флагманский центр Моя работа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Дарыгер нымдуу салфетканын негизги кемчилигин атады
Дарыгер ошондой эле кант диабетине байланыштуу болгон бир катар тери оорулары бар экенин кошумчалады. Маселен, пиодермия жана кандидоз сыяктуу жугуштуу илдеттерди айтса болот.

Адис жыныстык бездердин иштеши бузулганда безетки, себорея (теринин ашыкча майланышы), гирсутизм (чач, түктөрдүн ашыкча өсүп кетиши) байкаларын кошумчалаган.

Ошондой эле организмде Д, А, В6, 12, С витаминдери жок учурда териде көйгөйлөр болорун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0