Олимпиада: спортчу төшөк мамилесине жол бербейт делген керебетти сынап көрдү

© REUTERS / Akio Kon/PoolКартондон жасалган керебет
Картондон жасалган керебет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Картон керебеттери коронавирустун жыныстык катнаш аркылуу жугушуна бөгөт коюу максатында жасалган.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ирландиялык гимнаст Рис Маккленахан картондон жасалган керебетти сынап көрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Олимпиадага катыша турчу спортчулар төшөк кумарына батпаш үчүн картондон жасалган керебетке жатышары айтылган. Мындай керебеттер адам катуу кыймылдаса эле сынып калары белгиленген.
Спортчу Twitter тармагындагы баракчасына керебеттин үстүнө бир нече ирет секирген видеосун жарыялады.
"Антисекс-керебети чындап эле картондон жасалыптыр. Бирок адам катуу кыймылдаса эле сынып калат деген сөз – жалган", — деди ал.
Мындай керебеттер коронавирустун жыныстык катнаш аркылуу жугушуна бөгөт коюу максатында жасалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0