БИШКЕК, 8-апр.— Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов белгисиз адамдар ала качып, кийин каза болгон 27 жаштагы кыздын өлүмү боюнча үн катканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы ала качуу салт эмес, кылмыш экенин айтып, аны өлкөдөгү ар бир адамга жеткирүү керектигине токтолгон.
"Никеге кыйнап тургузуу — бул кылмыш. Аны жасагандар жазага тартылышы шарт. Айзаданын окуясын мен биринчи кезекте адам, эркек жана ата катары өтө оор кабыл алдым. Бул биздин жалпы жарабыз. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.
Марипов күнөөлүүлөргө катуу чара көрүлүп, жазага тартыларын кошумчалаган.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон кыздын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.