https://sputnik.kg/20210314/muz-tongon-zholdor-1051770368.html
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео
Sputnik Кыргызстан
ӨКМ күндүн көзү бузуларын эскерткен. Бишкек — Ош трассасында жүк ташуучу ири унаалар үчүн чектөө киргизилди. 14.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-14T23:09+0600
2021-03-14T23:09+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
жол
кар
аба ырайы
тыгын
автоунаа
боом капчыгайы
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0e/1051770335_0:200:1080:810_1920x0_80_0_0_bb14f8b6baf54ef94139e507920817d1.jpg.webp
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Аба ырайынын бузулушунан улам өлкөнүн чоң жолдорунда кыймыл татаалдашып, автотыгындар жаралууда.Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайынын жана Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуунун абалын тарткан күбөлөрдүн видеосу “Короче” Telegram каналына жарыяланды.Кадрлардан унаалардын токтоп турганы, болбосо өтө жай жүрүп баратканы көрүнүп турат.Транспорт жана жолдор министрлиги Боомдо саат 16.00дөн тарта жаан жаай баштаганын айтты. Реагенттер чачылганына карабай сууктан улам жолдорго муз тоңгон.Кечинде, болжол менен саат 17.00дөрдө, тыгын пайда боло баштаган. Жеринде тыгылып калган автоунааларды чыгарып, жолду тазалап жаткан атайын техника иштеп жатат.Трассага реагент чачуу уланууда.ӨКМ Бишкек — Ош жолунун 126-чакырымында унаалар токтоп калганын билдирди. Ал жакта министрликтин техникасы, кызматкерлери жана Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору иштеп жатат. Саат 20.00дөн тарта “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Жолдун аркы башынан — Токтогул районунда чоң машиналар 21.00дөн баштап тосулууда.Кыргызгидромет буга чейин шашылыш билдирүү таратып, күндүн көзү бузуларын эскерткен.
https://sputnik.kg/20210314/bir-zhumaga-karata-aba-yrajy-1051763634.html
боом капчыгайы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0e/1051770335_0:132:1080:810_1920x0_80_0_0_c1fef4bae824284930c9e8f0bd693099.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, жол, кар, аба ырайы, тыгын, автоунаа, боом капчыгайы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, жол, кар, аба ырайы, тыгын, автоунаа, боом капчыгайы
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео
23:09 14.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) ӨКМ күндүн көзү бузуларын эскерткен. Бишкек — Ош трассасында жүк ташуучу ири унаалар үчүн чектөө киргизилди.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Аба ырайынын бузулушунан улам өлкөнүн чоң жолдорунда кыймыл татаалдашып, автотыгындар жаралууда.
Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайынын жана Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуунун абалын тарткан күбөлөрдүн видеосу
“Короче” Telegram каналына жарыяланды.
Кадрлардан унаалардын токтоп турганы, болбосо өтө жай жүрүп баратканы көрүнүп турат.
14 Жалган Куран 2021, 09:50
Транспорт жана жолдор министрлиги Боомдо саат 16.00дөн тарта жаан жаай баштаганын айтты. Реагенттер чачылганына карабай сууктан улам жолдорго муз тоңгон.
Кечинде, болжол менен саат 17.00дөрдө, тыгын пайда боло баштаган. Жеринде тыгылып калган автоунааларды чыгарып, жолду тазалап жаткан атайын техника иштеп жатат.Трассага реагент чачуу уланууда.
ӨКМ Бишкек — Ош жолунун 126-чакырымында унаалар токтоп калганын билдирди. Ал жакта министрликтин техникасы, кызматкерлери жана Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору иштеп жатат. Саат 20.00дөн тарта “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Жолдун аркы башынан — Токтогул районунда чоң машиналар 21.00дөн баштап тосулууда.
Кыргызгидромет буга чейин шашылыш билдирүү таратып, күндүн көзү бузуларын эскерткен.