Түлөбаев: Бишкектеги мектеп менен бакчаларды мартта бир шарт менен ачабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековПригородная средняя общеобразовательная школа
Пригородная средняя общеобразовательная школа  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
4-февраль күнү муниципалитеттин алдына 20дай киши топтолуп, мектеп менен бала бакчаларды ачуу талабын коюшкан. Бирок шаар бийлиги мындай кадамга баруудан чочулап турат.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. COVID-19 боюнча динамика азыркыдай сактала турган болсо, Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар 1-марттан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Ал илдет жуктургандардын көбү Бишкекте болуп жатканы менен саны азайганын белгиледи.
"Эгер бул динамика сактала турган болсо, 1-марттан тарта Бишкектеги бардык мектептер менен бала бакчалар ачылат", - деди Түлөбаев.
1-класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
1-класска барчу баланы электрондук каттоодон кантип өткөрүү керек? 8 эреже
Эске салсак, 4-февраль күнү муниципалитеттин алдына 20дай киши топтолуп, мектеп менен бала бакчаларды ачуу талабын коюшкан. Азырынча шаарда жеке бакчалар гана иштеп жатат. 18-январдан бери оффлайн режиминде 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана билим алышууда. 30-январда мэрия бардык класстарды кадимки режимге кайтаруу оюнан кайтканын жар салган.
Пикетчилердин алдына вице-мэр Айжан Чыныбаева чыгып Бишкектин мектептери 211 пайызга толуп калгандыктан вирустун тарап кетүү кооптуулугу жогору экенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0