1-класска барчу баланы электрондук каттоодон кантип өткөрүү керек? 8 эреже

© Sputnik / Табылды Кадырбеков1-класстын окуучусу. Архив
1-класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Балаңыз 2021-2022-окуу жылында мектеп босогосун аттай турган болсо, анда Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалды сөзсүз окуңуз.
15-февралдан тарта Бишкектин мектептеринде электрондук каттоо башталат. Чүрпөлөрүн 1-класска киргизип жаткан ата-эненин баары эле анын жол-жобосун биле бербейт. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинин адистери менен сүйлөшүп, эрежесин түшүндүрүүгө аракет кылды.

Электрондук каттоо Бишкектен башка кайсы аймактарда жүрөт?

Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында электрондук каттоо 15-февралдан 15-августка чейин жүргүзүлөт.
Быйыл бул долбоор Каракол, Нарын, Баткен, Талас, Кара-Суу шаарларына да киргизилди. Аталган шаарларда электрондук каттоо 15-апрелде башталып 15-августта бүтөт.
Бардыгы бир эле системага кирет. Арыз толтуруу формасы да окшош.

Бишкекте микроучастоктордо жашагандардын балдары биринчи катталабы?

Мектепте биринчи класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Мэрия Бишкектин мектеп, бакчаларын офлайн-режимге өткөрбөй турууну чечти

Жок. Баланы мектепке каттаардын алдында ата-эне анын жол-жобосу менен жакшылап таанышып чыгуусу кажет. Долбоор жаңы башталганда мектепке эки этап менен каттоо жүрчү. Анда алгач микроучастокто жашагандардын балдары катталып, андан кийин башка райондогу каалоочулар алынчу. Бир жылдан бери бул система өзгөрүп, эки жакка тең бирдей мүмкүнчүлүк каралган. Мисалы, жаңы конуштардын биринде жашагандар балдарын шаардын ортосундагы мектеп, гимназияга берүүнү кааласа, алар арыз толтуруп жатканда "микроучастоктон тышкары" деген жерин сөзсүз басышы шарт (шаарды, районду көрсөткөндөн кийин "микроучастоктун ичинде" жана "микроучастоктон тышкары" деген эки бөлүм бар). Эгер ал райондо жашабаса, анда "микроучастоктон тышкары" деген жерин басып коюп каттала берет. Эгер аны көрсөтпөсө, арыз туура эмес болуп калат. Ал эми балдарын өзүнүн районундагы эле мектепке берчүлөр "микроучастоктун ичинде" деген баскычын белгилегени оң.

Мектепти кантип тандап, кандай катталат?

Алгач https://www.mektep.edu.gov.kg/ сайтына кирүү керек. Сайт ачык, баарына жеткиликтүү, акысыз. Ал жерде керектүү маалыматтар бар. Мисалы, "статистика" деген бөлүктө ар бир мектеп, анын дареги, 1-класска канча квота берилгендиги тууралуу жазылган. Бул бөлүктөн каалаган мектепте 1-класска бала толуп-толбогонун билип алса болот. Керектүү маалымат алгандан кийин арыз толтурууга өтөсүз.

Арызды кантип толтурат?

1-кадам. Башкы бетинде "арыз берүү" деген баскычты басып, ал жактан бош жерди толтуруу керек. Алгач ата-эненин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн аты-жөнү, паспорттогу керектүү маалыматтары, жашаган дареги, телефон номерлери, электрондук дареги жазылып, документтердин көчүрмөсү тиркелет. Электрондук даректери (почта) жоктор аны сөзсүз ачканы абзел. Анткени мектеп тууралуу маалымат электрондук почтага келип турат.
2-кадам. Андан соң 1-класска кире турчу бөбөктүн аты-жөнү, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалымат жазылып, документтеринин көчүрмөсү тиркелет.
3-кадам. Бала бара турчу мектеп тандалат.
Эгер электрондук арыз туура эмес толтурулуп калса, үч күндүн ичинде ата-эненин электрондук дарегине эмнеси туура болбой калгандыгы тууралуу маалымат келет;
Аял кагаз үстүндө жазып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Мектеп директорун конкурс менен тандап, 5 жыл сайын аттестациялоо мыйзамы сунушталды
Электрондук каттоо системасынан "кабыл алынды" деген билдирүү келгенден кийин 15 күндүн ичинде ата-эне керектүү документтеринин түп нускасын мектепке барып тапшырышы керек. Эгер ал аралыкта тапшырбаса, анда мектеп сизди тизмеден автоматтык түрдө чыгарып салат.
Белгилей кетсек, баланы мектепке электрондук түрдө каттап жатканда болгону үч документ керек. Алар: ата-энесинин биринин паспорту, баланын күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымдама. Үчөөнү тең сканерден өткөрүп же сүрөтүн арыз толтуруп жаткан жерге тиркеп коесуздар.

Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер

Бул документтерди ата-эне электрондук каттоодон өткөндөн кийин 15 күндөн соң алып барат. Алар:
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нуска жана көчүрмө);
  • ата-энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;
  • ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка (Ф-26);
  • баланын эмделгендиги тууралуу медициналык справка (Ф-63);
  • баланы мектепке киргизүүдө ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка;
  • 3x4 сүрөт;
  • Ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен маалым кат. Эгер баланын каттоосу болсо, Мамлекеттик каттоо кызматынан справка, эгер каттоосу жок болсо, анда муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан берилген документ жарай берет.

Кандай балдар жеңилдик менен кире алышат?

аскер кызматкерлеринин балдары (кызмат өтөп жаткан ата-энелер паспортунун көчүрмөсүн, аскердик күбөлүгүн, сүрөтүнүн көчүрмөсүн алып келүүсү абзел);
Кыргызстанга көчүп келген кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары (кайрылман статусун тастыктаган документин көрсөтүшү зарыл).

Кайсы мектептерге электрондук каттоо системасы тиешелүү эмес

Мектептеги окуу болөмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Бишкекте 1-мартта бардык билим берүү мекемелери ачылабы? Расмий жооп

Электрондук каттоодон №61 физика-математикалык мектеп-лицейи бошотулган. Анткени алардын өздөрүнүн бала бакчасы бар. Ал жактан балдарды өз ыкмасы менен мектепке даярдашат. Бирок бул мектеп быйыл 1-класска 20га чукул орунга квота берген. Мындан сырткары, ден соолугунан жабыркаган балдар барган мектептер, интернаттар жана коррекциялык класстары бар алты мектеп дагы электрондук каттоодон бошотулган. Музыкалык жана жеке мектептер да балдарды электрондук каттоосу жок алат.

Суроолор жаралса кайда кайрылса болот?

http://www.mektep.edu.gov.kg/ сайтынын өзүндө түшүнбөгөн суроолор үчүн бош жер бар. Эгер такыр эле сайтка кире албай же колдоно албай жатса, ата-энелер төмөнкү номерлерге чалса болот:
0312 54 30 24,  0706 12 22 11, 0776 12 22 114, 0556 12 22 11.
Жаңылыктар түрмөгү
0