Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМуниципалдык кызматкер карды тазалап жатат. Архив
Муниципалдык кызматкер карды тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-январга караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0