Сооронбай Жээнбеков өзүнүн коомдук фондун түздү

Жазылуу
Экс-президенттин фонду декабрь айынын башында каттоодон өткөн. Ал бир катар демилгелерди колдоо менен өлкө үчүн пайдалуу иштерди жүргүзүүнү пландап жатканы айтылат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу анын Facebook тармагындагы расмий баракчасында жазылды.

Коомдук фонд юстиция органдарында декабрь айынын башында катталган.

"Фонддун негизги максаты — коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо болуп саналат", — деп жазган Жээнбеков.

Фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу башка иштерди дагы жүргүзүүгө багыттала турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0