Румыниядагы ЖОЖдордо акысыз билим алуу үчүн сынакка катышыңыз. Жол-жобосу

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUЭкзамен тапшырып жаткан студент. Архив
Экзамен тапшырып жаткан студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу румын тилинде жүргүзүлгөндүктөн, тил билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттай турганы айтылды.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Румыниянын жогорку окуу жайларында 2021-2022-окуу жылдарында акысыз билим алуу үчүн кыргызстандыктар сынакка катыша алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, гранттар Румын өкмөтүнүн стипендиялык программасынын негизинде бөлүнөт.

Сынакка катыша тургандар документтерин электрондук же кагаз түрүндө (мүмкүн болушунча электрондук форматта) Румыниянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу жибериши шарт.

Грантка тапшырчу окуу программалары:

  • Бакалавриат (3-6 жыл);
  • Магистратура (1,5-2 жыл);
  • Докторантура (3-5 жыл).

Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттердин жарандары катыша алат. Ошондой эле окуу румын тилинде жүргүзүлгөндүктөн, тил билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттай турганы айтылды.

Грант ээлерине Румыния бир топ шарттарды түзүп берери маалым болду.

"Биринчиден, грант ээси акысыз окуп, ага жатакана берилет. Медициналык жактан камсыздандырылып, өлкө ичиндеги транспорттук чыгымдары төлөнөт. Ошондой эле ай сайын стипендия берилет. Алсак, бакалавриат программасынын студенттерине 65 евро, магистратурадагыларга 75 евро жана докторантура программасынын студенттерине 85 евро берилет", — деп жазылган маалыматта.

Сынакка катышып, окууга өткөн талапкерлердин тизмеси 15-июлда жарыяланат. Аталган мамлекетте адатта окуу жылы 1-октябрда баштала турганы кошумчаланды.

Керектүү документтер жана окуу жайлардын даректери боюнча кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0