https://sputnik.kg/20260424/1100965322.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россиянын ЖОЖдорунан дагы 300 гранттык орун сураганын илим министри Гүлзат Исаматова "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда... 24.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-24T08:59+0600
2026-04-24T08:59+0600
2026-04-24T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/18/1100965156_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9da994a4144f9d163621ccafefe63248.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россиянын ЖОЖдорунан дагы 300 гранттык орун сураганын илим министри Гүлзат Исаматова "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда билдирди. Министр буга чейин 700 орун бөлүнгөнүн эске салып, жакында Жогорку Кеңештин төрагасынын сапарында кыргыз тарап Россиянын билим берүү жана илим министрине орус тили мугалимдерин даярдоо үчүн квотаны көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылганын эске салды. "Бул жаштарыбыздын Россиянын ЖОЖдорунда билим алууга кызыгуусу жогору экенин дагы бир жолу тастыктайт. Орус тили Евразия мейкиндигинде илимий-техникалык процесстерге интеграцияланууга, заманбап көйгөйлөргө ыңгайлашууга жана бул мейкиндикте өз ордун табууга кеңири мүмкүнчүлүк берет", — деди Исаматова.
Өлкөдө аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилчү жөлөк пулун алуу тартибине өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылды. Ошондой эле үй-бүлөдө бир гана турак жай болсо жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк сакталат, ал эми эки же андан көп үйү бар бүлөлөргө каражат берилбейт. Мындан сырткары, муктаждыкты аныктоочу минималдуу киреше өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды. Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Райондук коэффициент колдонулган аймактарда жөлөк пул кошумча коэффициент менен төлөнөт.
Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун технологиялар, кадрларды даярдоо жана темир жол вагондорун камсыздоо аркылуу колдоого даяр. Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Зверев Бишкекте өткөн "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" аттуу эл аралык транспорт форумунда айтты. Ал белгилегендей, Борбор Азияда жана Евразияда транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болуп, товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт. "Аймакта транспорт инфраструктурасынын өнүгүүсү — Борбор Азияда жана Европага чыгуучу Евразияда товарлардын эркин ташылышына шарт түзөт. Инфраструктуранын өнүгүшү ар дайым пайда алып келет. Россия бул долбоорду технология, улуттук кадрларды даярдоо жана темир жол техникаларын камсыздоо аркылуу колдоого даяр", — деди Зверев. Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары темир жол тармагында бирдиктүү техникалык стандарттарга ээ экенин эске салды. Зверев транспорттук долбоорлор өз-өзүнчө эмес, биргелешип өнүгүшү керек экенин белгилеп, дал ушундай комплекстүү мамиле жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө жана логистикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берерин кошумчалады.
Кыргызстан Россиянын ЖОЖдорунан дагы 300 гранттык орун сураганын илим министри Гүлзат Исаматова "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда билдирди. Министр буга чейин 700 орун бөлүнгөнүн эске салып, жакында Жогорку Кеңештин төрагасынын сапарында кыргыз тарап Россиянын билим берүү жана илим министрине орус тили мугалимдерин даярдоо үчүн квотаны көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылганын эске салды. "Бул жаштарыбыздын Россиянын ЖОЖдорунда билим алууга кызыгуусу жогору экенин дагы бир жолу тастыктайт. Орус тили Евразия мейкиндигинде илимий-техникалык процесстерге интеграцияланууга, заманбап көйгөйлөргө ыңгайлашууга жана бул мейкиндикте өз ордун табууга кеңири мүмкүнчүлүк берет", — деди Исаматова.Өлкөдө аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилчү жөлөк пулун алуу тартибине өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылды. Ошондой эле үй-бүлөдө бир гана турак жай болсо жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк сакталат, ал эми эки же андан көп үйү бар бүлөлөргө каражат берилбейт. Мындан сырткары, муктаждыкты аныктоочу минималдуу киреше өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды. Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Райондук коэффициент колдонулган аймактарда жөлөк пул кошумча коэффициент менен төлөнөт.Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун технологиялар, кадрларды даярдоо жана темир жол вагондорун камсыздоо аркылуу колдоого даяр. Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Зверев Бишкекте өткөн "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" аттуу эл аралык транспорт форумунда айтты. Ал белгилегендей, Борбор Азияда жана Евразияда транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болуп, товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт. "Аймакта транспорт инфраструктурасынын өнүгүүсү — Борбор Азияда жана Европага чыгуучу Евразияда товарлардын эркин ташылышына шарт түзөт. Инфраструктуранын өнүгүшү ар дайым пайда алып келет. Россия бул долбоорду технология, улуттук кадрларды даярдоо жана темир жол техникаларын камсыздоо аркылуу колдоого даяр", — деди Зверев. Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары темир жол тармагында бирдиктүү техникалык стандарттарга ээ экенин эске салды. Зверев транспорттук долбоорлор өз-өзүнчө эмес, биргелешип өнүгүшү керек экенин белгилеп, дал ушундай комплекстүү мамиле жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө жана логистикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/18/1100965156_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_88649c3987df3a47fefb56b489ee75d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио