00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
Лямблии, острицы и ко: какие паразиты чаще всего атакуют детей и как с ними бороться
16:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Туяк
Анарбек Ибраев: сахнанын сыртындагы өмүр
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
«Евразия» багыты: аймактарга жайылган социалдык долбоорлор
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Тилемчилик менен алектенген чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы мыйзамдын максаты — тилемчиликти азайтуу, коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жарандарды эксплуатациядан коргоо. Ага ылайык: тилемчилик жана тилемчиликке тартуу үчүн жоопкерчилик киргизилет; мындай иштерди сот жана ички иштер органдары карайт; чет элдик жарандар үчүн өлкөдөн чыгаруу чарасы колдонулушу мүмкүн. Долбоорду Юстиция министрлиги иштеп чыгып, кайырчылар жол коопсуздугуна коркунуч жаратып, шаардын аброюна доо кетирерин айткан. Учурдагы мыйзамдар бул маселени толук чечпегендиктен карыларды, кош бойлууларды, майыптарды жана балдарды эмгек эксплуатациясынан коргоо зарылдыгы жазылган.
Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу 16 жаштан эмес, 18 жашка чейин иштейт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында балдардын курагы 16 жаштан 18 жашка чейин узартылды. Бул жаш курактагы өспүрүмдөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Мыйзам жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен толук камтуу жана айрым категорияларга акысыз же жеңилдетилген медициналык кызматтарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Электр энергиянын тарифтеринин жогорулашы Кыргызстандагы энергетика тармагына инвесторлордун кызыгуусун арттырды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мурда электр энергиясынын баасы төмөн болгондуктан инвесторлор чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар болгон эмес. Себеби инвестициянын кайтарымы өтө узак мөөнөттү талап кылган. Министр ошондой эле тарифтердин акырындык менен көтөрүлүшүн калк да колдогонун белгиледи. “Эгер инвестициянын кайтарымы 50 жыл болсо, инвесторлор акча салбайт”, — деди ал. Азыр энергетика тармагына дүйнөлүк ири каржы институттарынын, анын ичинде Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкынын кызыгуусу артып жатканы кошумчаланды.
Тегеран Ормуз кысыгынан өтүү үчүн алынуучу төлөмдөр маселесинде айрым өлкөлөргө, анын ичинде Россияга, жеңилдиктерди караганын Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали РИА Новости агенттигине билдирди. “Биз айрым өлкөлөр үчүн жеңилдиктерди караганбыз, келечекте эмне болорун билбейм. Бирок азыркы тапта биздин Тышкы иштер министрлиги Россия сыяктуу достук мамиледеги өлкөлөр үчүн каралган жеңилдиктерди колдонууга аракет кылууда”, — деди элчи суроого жооп берип жатып. Тегеран АКШ менен Израилдин чабуулунан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн төлөм алууну пландап жатканын жарыялады. Бул чечим кысыктын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган. Учурда кысык Иран тарабынан АКШнын деңиз блокадасы толук алынганга чейин жабылып турат. Бейшемби күнү Ирандын парламент төрагасынын орун басары Хамидреза Хаджи Бабаи Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн алынган төлөмдөрдөн биринчи жолу киреше алганын билдирди. Анын айтымында, каражат өлкөнүн борбордук банкына түшкөн. Март айынын аягында Иранда Ормуз кысыгы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу башталган. Ал документте кысык аркылуу өтүү үчүн төлөмдү риал менен алуу, ошондой эле АКШ, Израиль жана Тегеранга каршы санкцияларды колдогон өлкөлөр үчүн транзитке тыюу салуу каралган. Азырынча бул документ кабыл алына элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0