https://sputnik.kg/20260424/1100976995.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек министрлиги эмне үчүн жумушка чет өлкөлүктөр алынып жатканын түшүндүрдү. Министрдин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, жумуш орундары көп... 24.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-24T17:00+0600
2026-04-24T17:00+0600
2026-04-24T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/18/1100976829_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9ac98f653009a68f3d2f216f3e219cd3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек министрлиги эмне үчүн жумушка чет өлкөлүктөр алынып жатканын түшүндүрдү. Министрдин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, жумуш орундары көп, мисалы “Тазалыкта” вакансиялар бар. Бирок жергиликтүү жарандарга сунушталган айлык аз сезилгендиктен баш тартышат. Ал эми чет элдик жумушчулар үчүн бул айлык ылайыктуу. “Мен мэрияда иштеп жүргөндө да жарандарга жумуш сунушталчу, бирок алар баш тартышчу. Бизге болсо жумушчулар керек, ошондуктан чет элдиктерди алабыз”, — деди ал “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында. Министрликтин дагы бир өкүлү быйыл чет элдиктер үчүн 52 миң жумуш квотасы каралганын билдирди. Алар негизинен жол салууда, тигүү өндүрүшүндө, курулушта, жеңил өнөр жайда жана соода тармагында иштешет.
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын шаардык милиция маалымдады. Ага ылайык, 23-январда М.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, алдап кеткенин билдирген. Жабырлануучунун айтымында, шектүүлөр психологиялык басым көрсөтүп, коркутуп, башка адамдар менен байланышууга тыюу салышкан. Натыйжада алардын таасирине кирип, 9 миллион 123 миң сомункоторуп берген. Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 35 жаштагы Ж.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле тергөөнүн алкагында дагы беш адам аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча баалар 8820 сомдон 7600 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди. Ал белгилегендей, акыркы убакта бул каттам боюнча баалар кескин кымбаттаганы жөнүндө маалыматтар келип түшкөн. Ошондой эле социалдык тармактарда бул маселе көтөрүлгөн. Айбек Мамыралиевдин айтымында, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында ички каттамдарды жүргүзгөн авиакомпаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Анда авиабилеттердин тарифи, авиакеросиндин баасынын таасири жана билеттерди сатууда колдонулган үстөк акылар талкууланды.
Европа биримдигинин Кыргызстанга карата санкциялары өлкөнүн Россия менен байланышына эмес, өз кызыкчылыгын коргоо аракетине байланыштуу экенин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал “Биринчи каналга” курган маегинде, өлкөлөр өз кызыкчылыгы үчүн аракет кылганда белгилүү деңгээлде тобокелчиликке барып, андан пайда да көрөрүн белгиледи. Песковдун айтымында, Бишкек Москва менен мамиледе өз улуттук кызыкчылыгын жетекчиликке алат, ал эми эки өлкөнүн кызматташуусу өз ара пайдалуу болуп эсептелет. Белгилей кетсек, Европа биримдиги Кыргызстанды Россияга каршы санкцияларды айланып өтүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына киргизип, көзөмөлдү күчөткөн атайын механизмди ишке киргизген. 20 пакеттик санкциялардын алкагында айрым жабдууларды (мисалы, станоктор, роутерлер, радиостанциялар) Кыргызстанга экспорттоого чектөө коюлган.
Эмгек министрлиги эмне үчүн жумушка чет өлкөлүктөр алынып жатканын түшүндүрдү. Министрдин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, жумуш орундары көп, мисалы “Тазалыкта” вакансиялар бар. Бирок жергиликтүү жарандарга сунушталган айлык аз сезилгендиктен баш тартышат. Ал эми чет элдик жумушчулар үчүн бул айлык ылайыктуу. “Мен мэрияда иштеп жүргөндө да жарандарга жумуш сунушталчу, бирок алар баш тартышчу. Бизге болсо жумушчулар керек, ошондуктан чет элдиктерди алабыз”, — деди ал “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында. Министрликтин дагы бир өкүлү быйыл чет элдиктер үчүн 52 миң жумуш квотасы каралганын билдирди. Алар негизинен жол салууда, тигүү өндүрүшүндө, курулушта, жеңил өнөр жайда жана соода тармагында иштешет.Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын шаардык милиция маалымдады. Ага ылайык, 23-январда М.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, алдап кеткенин билдирген. Жабырлануучунун айтымында, шектүүлөр психологиялык басым көрсөтүп, коркутуп, башка адамдар менен байланышууга тыюу салышкан. Натыйжада алардын таасирине кирип, 9 миллион 123 миң сомункоторуп берген. Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 35 жаштагы Ж.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле тергөөнүн алкагында дагы беш адам аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча баалар 8820 сомдон 7600 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди. Ал белгилегендей, акыркы убакта бул каттам боюнча баалар кескин кымбаттаганы жөнүндө маалыматтар келип түшкөн. Ошондой эле социалдык тармактарда бул маселе көтөрүлгөн. Айбек Мамыралиевдин айтымында, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында ички каттамдарды жүргүзгөн авиакомпаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Анда авиабилеттердин тарифи, авиакеросиндин баасынын таасири жана билеттерди сатууда колдонулган үстөк акылар талкууланды.Европа биримдигинин Кыргызстанга карата санкциялары өлкөнүн Россия менен байланышына эмес, өз кызыкчылыгын коргоо аракетине байланыштуу экенин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал “Биринчи каналга” курган маегинде, өлкөлөр өз кызыкчылыгы үчүн аракет кылганда белгилүү деңгээлде тобокелчиликке барып, андан пайда да көрөрүн белгиледи. Песковдун айтымында, Бишкек Москва менен мамиледе өз улуттук кызыкчылыгын жетекчиликке алат, ал эми эки өлкөнүн кызматташуусу өз ара пайдалуу болуп эсептелет. Белгилей кетсек, Европа биримдиги Кыргызстанды Россияга каршы санкцияларды айланып өтүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына киргизип, көзөмөлдү күчөткөн атайын механизмди ишке киргизген. 20 пакеттик санкциялардын алкагында айрым жабдууларды (мисалы, станоктор, роутерлер, радиостанциялар) Кыргызстанга экспорттоого чектөө коюлган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/18/1100976829_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_03f5700e30664b8063e51c8080483b59.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио