https://sputnik.kg/20260424/1100973829.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин... 24.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-24T15:00+0600
2026-04-24T15:00+0600
2026-04-24T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/18/1100973663_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_918f116d6b268893e24fbfb38b7e6c5d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Комиссияны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектейт, анын орун басары болуп маданият министри Мирбек Мамбеталиев дайындалды. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, окумуштуулар, маданият ишмерлери, композиторлор жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери кирди. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги комиссиянын ишин уюштуруп, чыгармачыл топторду мамлекеттик буюртма аркылуу тартууну жана сунушталган долбоорлорду коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыздайт. Жаңы гимн сынак негизинде даярдалат. Бул үчүн акындар, жазуучулар, композиторлор жана дирижёрлордон турган чыгармачыл топ түзүлөт. Ал жогорку көркөмдүк деңгээлге ээ болуп, патриоттук маанайдагы, улуттук мотивдерди камтыган, оңой эсте кала турган болушу керек. Текст адабий тилдин нормаларына шайкеш келип, чет тилдеги сөздөр колдонулбашы зарыл. Жаңы гимндин үч мыкты варианты 1-июнга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталат.
Кытай жана Кыргызстан өлкөнүн бардык аймактарында чакан жана орто бизнести колдоо максатында өндүрүш ишканаларын түзүүнү караган “250 өндүрүш линиясы” программасын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шаньдун провинциясынын элдик өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды. Кытай тарап Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүсүн жогору баалап, аталган программаны жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Эми тергөөдөгү тинтүү жана далил буюмдарды алуу аракеттерин үзгүлтүксүз видеого тартуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун максаты — тергөө процессин ачык кылуу, адам укуктарынын сакталышын жакшыртуу жана далилдердин бурмаланышына жол бербөө. Документте белгиленгендей, учурдагы практикада сүрөт же эпизоддук видеофиксация толук көзөмөлдү камсыздай албай, талаштуу кырдаалдарга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жаңы норма боюнча тинтүү процесси башынан аягына чейин үзгүлтүксүз видеого тартылат. Бул далилдердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана сот органдарына баа берүүдө жардам берүүгө багытталган.
Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан тышкары, 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда: Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу); Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо менен кыймыл чектелиши зарыл.
Мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Комиссияны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектейт, анын орун басары болуп маданият министри Мирбек Мамбеталиев дайындалды. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, окумуштуулар, маданият ишмерлери, композиторлор жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери кирди. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги комиссиянын ишин уюштуруп, чыгармачыл топторду мамлекеттик буюртма аркылуу тартууну жана сунушталган долбоорлорду коомдук талкуудан өткөрүүнү камсыздайт. Жаңы гимн сынак негизинде даярдалат. Бул үчүн акындар, жазуучулар, композиторлор жана дирижёрлордон турган чыгармачыл топ түзүлөт. Ал жогорку көркөмдүк деңгээлге ээ болуп, патриоттук маанайдагы, улуттук мотивдерди камтыган, оңой эсте кала турган болушу керек. Текст адабий тилдин нормаларына шайкеш келип, чет тилдеги сөздөр колдонулбашы зарыл. Жаңы гимндин үч мыкты варианты 1-июнга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталат. Кытай жана Кыргызстан өлкөнүн бардык аймактарында чакан жана орто бизнести колдоо максатында өндүрүш ишканаларын түзүүнү караган “250 өндүрүш линиясы” программасын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шаньдун провинциясынын элдик өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды. Кытай тарап Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүсүн жогору баалап, аталган программаны жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.Эми тергөөдөгү тинтүү жана далил буюмдарды алуу аракеттерин үзгүлтүксүз видеого тартуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун максаты — тергөө процессин ачык кылуу, адам укуктарынын сакталышын жакшыртуу жана далилдердин бурмаланышына жол бербөө. Документте белгиленгендей, учурдагы практикада сүрөт же эпизоддук видеофиксация толук көзөмөлдү камсыздай албай, талаштуу кырдаалдарга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жаңы норма боюнча тинтүү процесси башынан аягына чейин үзгүлтүксүз видеого тартылат. Бул далилдердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана сот органдарына баа берүүдө жардам берүүгө багытталган.Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан тышкары, 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда: Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу); Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо менен кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/18/1100973663_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8c9b7156d56f4155464710c7f9bd4ec4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио