22:49 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1386 0 0

КРдеги трансформацияга муктаж болгон жерлерди башка категорияга которуу демилгеси 2014-жылы эле Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлүп, 2018-жылы трансформация боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 13-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Анын негизинде 1700дөй гектар жер трансформацияланып, 11 миңден ашык үй-бүлөнүн социалдык көйгөйү чечилет. Аталган мыйзам бүгүн күчүнө кирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы узак жылдан бери келе жаткан маселенин күнгөй-тескейин тактап көрдү.

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында күчүнө кире турган документке ылайык, "Сугат айдоо жерлерин башка категориядагы жерлерге жана жерлердин түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" жана "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамдары менен Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.

Анын аркасы менен 2009-2018-жылдар аралыгында айыл чарбасында колдонууга жараксыз жана жеке менчик укугуна мамлекеттик күбөлүгү бар айдоо аянттарынын бөлүнүп берилген жерлерине үй курган кыргызстандыктардын турак жайы мыйзамдаштырылат. Мындайча айтканда, ал аянттарга турак жай салгандар менчигин трансформациялоого мүмкүнчүлүк алат.

Республика аймагындагы трансформацияга муктаж болгон жерлерди Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы 2014-жылдан бери тактап келет. Аталган мекеменин Жерди пайдалануу, коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева трансформацияга муктаж болгон жерлер 2000 гектарга жетиши мүмкүн экендигин билдирди. 

Начальник управления госэкотехинспекции Айнура Кенжебаева в рабочем кабинете
© Фото / Чынгызбек Абдумалик уулу
Жерди пайдалануу, коргоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаева
"Жакында кабыл алынган мыйзамдын алкагында трансформациялана турган аянттарда мамлекеттин жери жок, бардыгы жеке менчик үлүш жерлер. Аларга 2009-жылдан кийин турак жайлар салынып кеткен. Жерге ээлик кылган жарандар үй салып алышкан же башкаларга бөлүп сатып жиберген. Эми аймактарда канча гектар, кайсы жерлер трансформацияга кире тургандыгын жер-жерлердеги комиссия тактап документтерин карап чыгат. Азыр жалпы 1711 гектар аныкталды. Бирок бул аянт 2000 гектарга чейин жетиши мүмкүн. Себеби ар бир контурду, тилкени өз-өзүнчө карап чыгуу зарыл", — деди Кенжебаева.

Ал турак жайлар курулуп кеткен айдоо аянттарын тактоо иштери дагы узак убакытка созула тургандыгын кошумчалады.

Өлкө аймагында трансформацияга муктаж болгон жерлердин аянты боюнча Бишкектин четиндеги Аламүдүн жана Сокулук райондору алдыңкы орундарда турат. Мындан сырткары, Ош шаарына жакын калк жашаган аймактар дагы бар. Ал жактагы үлүш ээлери өздөрү же ортомчулар аркылуу бир топ жерлерин турак жай салууга сатып жиберген.

Эске сала кетсек, 2009-жылы Жогорку Кеңеш айдоого жарактуу сугат жерлерди башка категорияга жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизген мыйзам кабыл алган. Жыйынтыгында бул жерлерди башка категорияга же түргө которуу убактылуу токтотулган. Ага карабай жеке турак жайга, жер тилкеге ээ болгусу келген жарандар айыл чарба багытындагы аянттарга өздөрү же ортомчулар аркылуу жер сатып алып өз алдынча үй салууга аракет кылган. Мындай муктаждыктан улам миңдеген гектар айдоо жерге там-таш курулуп, түтүн булаткандар ал мүлкүн мыйзамдаштырууга аракет кылып келген.

"Трансформация" кыймылынын башчысы Бекназар Айталиевдин айтымында, өлкө аймагында трансформация жараянын күткөндөр арбын. 

"Мамлекеттик органдар республика аймагында ички миграциядан улам көптөгөн жарандарга чоң шаарларга көчүп келип жатканын эске алышы керек. Азыр жаштар жеке жер тилкеге, турак жайга муктаж болуп жатат. Мыйзам кабыл алынды, эми аны аткаруу жогорку кызматта иштеген аткаминерлердин мойнунда. Көпчүлүк адамдар трансформация маселесинде чоң акча жаткандай ойлошот. Анан карапайым элден акча үмүт кылып, аларды бюрократиялык иштер менен сүйрөбөшү керек" — деди Айталиев.

Мындан сырткары, Айталиев өкмөт калкты арзан социалдык жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган программа кабыл алууга убакыт келгенин айтат.

"Кыргызстандыктар кыйынчылыксыз үй-жайлуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, калк жашаган аймактар, шаарлар горизонталдык эмес, вертикалдык жактан өсөт эле. Муну менен мамлекет миңдеген гектар айдоо жерлерин сактап калмак", — деп кошумчалады кыймылдын башчысы.

КРдеги трансформацияга муктаж болгон жерлерди башка категорияга которуу демилгеси 2014-жылы эле Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлүп, 2018-жылы трансформация боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда 2009-жылга чейин салынган үйлөр гана кирип, өкмөттүн эсеби боюнча 9000 гектардан ашык жерге тиешелүү уруксат кагазы бериле тургандыгы кабарланган. Ошентип эки жолу өзгөртүүгө дуушар болгон мыйзамдардын алкагында 11 миң гектардан ашык айдоо жеринин трансформацияланышы болжолдонууда.

Бирок айрым эксперттер сугат, айдоо аянттардын кескин кыскарып жаткандыгынан чочулоодо. Анткени союз маалында Кыргызстанда бир миллион гектар сугат жер болсо, эгемендүүлүк алгандан кийин бул көрсөткүч 855 миң гектарга чейин түшүп кеткен.

Айыл чарба боюнча серепчи, профессор Жамин Акималиевдин пикиринде, өкмөт айдоо, сугат жерлерди айыл чарбасына тиешеси жок тармактарга бергенди токтотушу керек. 

Депутат легендарного парламента, общественный деятель и ученый Жамин Акималиев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Айыл чарба боюнча серепчи, профессор Жамин Акималиев
"Албетте, элдин турмушуна карашыбыз керек, бизде ички миграция күч, аны менен жерге, үйгө муктаж болгондор өтө көп. Эми мындан ары айдоо, сугат жерлерди айыл чарбасына тиешеси жок тармактарга бергенди токтотпосок болбойт. Айрым адамдар бизде жер көп деп айтышат. Мен бир эле мисалды айтайын, Россияда бир адамга бир гектар, Казакстанда эки гектар айдоо жер туура келет. Бизде болгону бир жаранга 15 сотых, ал эми Кыргызстандын түштүгүндө беш сотыхтан эле тиет. Эгер сугат жерлерди там курууга, стадион салууга бере берсек, элди ким багат деген суроо жаралбай койбойт. Келечекте бизге эч ким жер бербейт. Өкмөт турак жай салганга кайрак, саздак, таштак жерлерден гана бериши керек. Антпесек келечекте өзүбүздү азык-түлүк менен камсыздай албай кыйналып калабыз, азыр деле кыйналып жатабыз", — деп ою менен бөлүштү Акималиев.

Эми аталган мыйзамдардын аткарылышын жер-жерлердеги комиссиялар көзөмөлдөйт. Ал эми өкмөт ал үчүн атайын жобо чыгарып бериши шарт.

Тема боюнча

КРдин карыздан кутулуусуна коррупционерлер менен кредиторлор кантип жардам берет
Бүтпөгөн жер көйгөйү: трансформация мыйзамына нааразылар митингге чыкты
Белгилер:
мыйзам, трансформация, жер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ