10:50 27 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченконун Женнифер Майя менен беттеши (18)
209 0 0

22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде титулун коргогондугу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

“Өлкөнүн жалпы эли сиздин таймашты чыдамсыздык менен күтүп, беттешти башынан аягына чейин тынчсыздануу менен көрүштү. Сиз Кыргызстандын сыймыгысыз жана сиздин аркаңыздан өлкөнүн желеги дүйнөлүк спорт майданында дагы бир жолу бийик желбиреди. Чемпиондукка жол талбаган эмгек менен аракеттин аркасында салынат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздин бир тууганыңыз Антонинаны дагы ошол эле мелдештеги жеңиши менен куттуктайм. Мен сизге мындан ары дагы Кыргызстанды чет өлкөлөрдө даңазалай бересиз деп бекем ишенем, ал эми мекендештердин колдоосу жана каалоо-тилектери сизге тирек болот. Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана спорттук карьераңызда жаңы жеңиштерди каалайм”, — деди Мамытов.

Бүгүн, 22-ноябрда, АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 255 турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды. Промоушендин эң жеңил салмактагы титулу үчүн ал кезектеги беттешинде бразилиялык Женнифер Майя менен кез келди. Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөттү.

Тема:
Валентина Шевченконун Женнифер Майя менен беттеши (18)

Тема боюнча

Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу
Валентина Шевченконун кийинки беттештеги болжолдуу атаандашы айтылды
Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео
Белгилер:
Талант Мамытов, Валентина Шевченко, Лас-Вегас, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ