БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча эки адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталууда.
"Бишкек шаарынан бир, Баткен облусунан бир бейтап оору менен алышып жатып каза болду", – деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1195 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.