00:01 19 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7961
  • EUR98.2024
  • RUB1.1914
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1226710

Азамат Сулайманов француз үй-бүлөнү өлкөдөгү эң кымбат отелге алып келет. Алар саат 10до жайгашмак эле, бирок отелдин кызматкери бөлмөлөр эки сааттан кийин гана даяр болорун оройлук менен айтат. Персоналдын жосунсуз мамилеси ошону менен чектелбептир...

Туризмге болгон кызыгуусунан улам Азамат Сулайманов ири компаниядагы жумушун таштап, жеке ишин түптөгөн. Ушул тапта саякатчылар алыскы сапарга унаасын камдай турган жабдыктарды сатуучу дүкөнгө ээлик кылат.

Бизнеси дароо эле жүрүшүп кеткен эмес. Ишин жолго койгончо Азамат башта чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстандын керемет жерлерине ташып жүрдү.

— Өзүңүз тууралуу айтсаңыз.

— 1989-жылы врачтардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам хирург болчу, апам — акушер-гинеколог. Тагдыр экен, атамдан эрте, жети жашымда ажырадым. Апам бизди багыш үчүн эки жумушта иштеди.

Кадырбеков маданияттын демөөрчүлөрүнө салыктык жеңилдик берүүнү талап кылды

— 90-жылдары мектептерде бандиттик романтика өкүм сүрбөдү беле. Андай териштирмейлерден оолак боло алдыңызбы?

— Тилекке каршы, андайдан кача албадым. Орто класстардан бери эле айланама киши топточумун, ал түгүл аларды "Азаматтын тобу" деп коюшар эле. Чоң класстарда ызырынган балдар пайда болуп, мушташмайлар кадыресе көрүнүш болуп калган. Өкүнүчтүү, бирок андай териштирмейлерге мен көп катышып калдым.

Мени жакшы окуганым гана сактап калды. Мисалы, мени менен кошо мушташка катышкан досторума директор: "Мен сени кетирем! Ата-энеңди ээрчитип кел", - дечү. Мен андайды уккан жокмун, себеби алтын медаль алчулардан элем. "Азамат, сен мыкты окуучусуң да, ушундайга кантип барасың!? Сен үлгү болушуң керек"  деген эскертүүлөр менен гана чектелишчү.

Владелец магазина инвентаря для путешественников Азамат Сулайманов
© Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым
Бизнесмен Азамат Сулайманов

— Кесипти кандайча тандаган элеңиз?

— Жалпы республикалык тестирлөөдө 212 балл алдым, бул жогорку окуу жайга тапшырууда артыкчылык бере турган кыйла жогорку көрсөткүч эле. Контракт төлөө үй-бүлөмө түйшүк жаратарын түшүнгөм. Апам мага: "Бюджетке өткөн жерде окуйсуң. Эгер анте албай контракттык бөлүмгө тапшырсаң,  анда иштөөгө туура келет", – деген эле. Кудай жалгап, Политехникалык университетке бюджеттик бөлүмгө өтүп, байланыш инженерликти өздөштүрө баштадым.

Күнүмдүк чыгымдарымды жабуу үчүн дайым акча табууга аракет кылдым. 19 жашымда ноутбугумду жана компьютеримди сатып, акчасына дүңүнөн футболка сатып алдым. Ага өзүм ойлоп тапкан — тапанча көтөргөн панданын сүрөтүн түшүрдүм. "Дордой" базарына барып, сатуучулардан ошол футболкаларды өткөрүп берүүлөрүн өтүндүм. Биринчи катачылыгым ошол болду, дээрлик эч нерсе сата албадым, акчам күйүп кетти.

Пандемия кирешемди көбөйттү. Кыргызстандык ишкердин маеги

— Эмнеликтен биринчи бизнес ийгиликсиз болду?

— Материалдан үнөмдөп калам деп эң арзан футболка сатып алгам. Сапаты төмөн, кармап көргөндө эч кимге жакпады. Сүрөт түшүрүү үчүн да мен компанияга эмес, арзан жасап берем деп убада кылган кишиге кайрылгам. Натыйжада сүрөт кездемеге начар түшүрүлүп, кээ биринде бузулуп да калган.

— Афганистанга кандайча аттанган элеңиз?

— Экинчи курстан кийин иштөөнү чечтим. Өтө бардар турбасак да апам дайым "азыр университетти бүтүрүшүң керек" деп калчу. Бирок Афганистандагы америкалык базада мага жакшы айлык убада кылышты. Контрактка кол коюп, университеттен академиялык тыным алып, Афганистанга учуп кеттим.

Биз базанын аймагында гана иштедик, анын сыртына чыгууга катуу тыюу салынган. Шаарларын кыдырууга бир да жолу чыкпадым. Адегенде тигүү фабрикасында, кийин азык-түлүк дүкөнүндө иштегем.

— Афганистанга бат эле көндүңүзбү?

— Башында оор болду. Жаш элем, бейтааныш жагдай, туугандарым, жакындарым алыста, жанымда кам көрө турган кишим жок. Шарттары да мага абдан катаал сезилген, бир дагы досум жок, ал эми жетекчилер улам эмне кылышты эле айтып турушат.

Апама телефон чалып күчүм жетпесин айткым келген убактар да болгон. Бирок күзгү алдына келип, көзүмө карап "келишимдин аягына чейин иштешиң керек" деп кайталачумун. Анан өзүмдү колго алчумун.

— Шарттары кандай эле?

— Жакшы төлөшчү. Тапканым апамдын карточкасына түшчүдөй кылгам. Афганистанда мага акчанын деле кереги жок болчу, бизди турак жай, тамак-аш менен камсыз кылышчу. Баса, тамак-аш укмуш эле, каалаган маалда барып, каалашыңча жей алчусуң.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

— Кооптуу беле?

— Жок, биздин базаны бир да жолу аткылашкан эмес. Бир гана ирет лагерге Кандагар аркылуу учууга туура келип, бир нече күн ошол жакта болгонбуз. Түшкү тамак маалында тревога сигналы берилди, демек, бул базага кол салышты дегенди билдирет.

Биз эмне кылышты так билчүбүз. Ашканадагылар полго жатышты. Кудай жалгап, жабыр тарткан киши болгон жок. Кайсы бир базаларга бомба түшүп, бир нече киши набыт болгонун угуп калчумун, бирок өзүм андайды көрбөдүм.

Владелец магазина инвентаря для путешественников Азамат Сулайманов
© Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым
Бизнесмен Азамат Сулайманов

— Афгандыктар менен баарлаша алдыңызбы?

— Базада иштегендер менен гана сүйлөшкөм. Кээде аларды кара жумушка алышчу. Негизинен алар жыйнап, жүк ташуучу машина айдап же кир жуучу жайда иштешчү.

Аларга боорум ооручу, анткени афгандыктардын арасында согуштун запкысын жеген адамдар көп болчу. Кай биринин жүзүндө тырык бар, кээсинин бир кулагы жок. Сылык келишет.

Аларга ашканадан тамак алып келип берчүмүн, анткени ал жайга кирүүгө тыюу салынчу. Террорчулар аларды алдап, эл толгон залдарды жардырып салышпасын деп коркушчу. Алар мен көрсөткөн сыйга ыраазы болуп, кээде сувенир да белек кылышчу. Афган жоолугун, баш кийим, желек тартуу кылышкан. Азыркыга дейре сактап жүрөм.

Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек

— Кыргызстанга кантип кайттыңыз?

— 2010-жылы келейин дегем. Кырдаалды карадым, өлкөдө жаңы эле революция болгон. Ошондуктан Афганистандагы келишимди дагы бир жылга узарттым. Экинчи жолкусунда жүк ташуучу эмес, базага кассир болуп орноштум.

Кийин баары бир мекенге кайтып, кайра каражат табууга аргасыз болдум. Базада баары акысыз болчу да.

Албетте, политехтегилер мени окуудан чыгарышты. Адилеттүү эле болду, эки жыл окууга келген жокмун. Кыргыз-Россия Славян университетине ошол эле адистикке которулдум.

Өзүмдү-өзүм камсыздоого тийиш элем, бирок жумуш таба албадым. Ойлобоңуздар, ири ишканалардан кызмат түшүмө да кирген эмес. Жөнөкөй эле, маселен, бармен же официант болуп орношууну ойлогом, бирок албай коюшту.

Акыры акча алмаштыруучу жайга кассир кылып алышты. Баса, анын кожоюну менен алигүнчө катышабыз, ал киши мага көптү үйрөттү. Жумуштан кетип, ири уюлдук байланыш компаниясына иштегим келгенин айтканымда ал: "Азаматсың, сен үчүн кубанычтамын! Ал жакка орношкончо менде иштей бер", — деген эле.

Баары бир ал ишканага кирдим, катардагы адис катары орношуп, 7 жыл эмгектендим. Жыл сайын улам көтөрүлүп отуруп, карьера жагынан тез өстүм.

Эки жигиттин кылыгы бүт бизнесимди талкалаган. Кыргызстандык ишкер кыздын баяны

— Ал жактан эмнеге кетип калдыңыз? Андай компаниялардын шарты, карьералык өсүш, маянасы мыкты эмеспи.

— Бир нече себеп болду. Биринчиден, туризмге кызыгуум күч алды. Ар бир сапар үчүн өргүүгө чыгуу жакпай баратты. Экинчиден, көңүлүмө туура келген иш менен алектенгим келди. Үчүнчүдөн, ошондо компанияга жаңы жетекчилик келди. Алар менен негедир иштеше албадым.

Албетте, жумуштан кетүүдөн корктум. Башка иш таба албай калсамчы? Ойлогонумдай болбой калса кандай болот? Балким тынч эле отурганым оңдур... Бирок акыры эркимди топтоп, арызымды жаздым.

Владелец магазина инвентаря для путешественников Азамат Сулайманов
© Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым
Бизнесмен Азамат Сулайманов

— Саякатчы автомобилчилер үчүн дүкөндү кандайча ачып калдыңыз?

— Бул биздин досторубуздуку болчу, алар Россияга биротоло жер которуп, өнөктөшүм экөөбүзгө абдан жакшы баада сатып кетишти. Бул дүкөндө биз автоунааны сапарга даярдоого жардам беребиз. Унаанын үстүнө автобагажник, лыжа, велосипедди бекитчү тетиктерди орнотуп беребиз.

Бизнес дароо жүрүшкөн жок, артка кеттик. Анткени жетишерлик ассортиментибиз жок эле. Акчабыз аз, ал эми соода үчүн 3-4 эсе көп каражат керек болчу.

Атаандаштарыбыз өнүгүп жатканда биз дээрлик пайда тапкан жокпуз. Кырдаалды колго алууну чечтик. Эгер мурда товарды Кыргызстандан сатып алып келсек, эми Россиядагы ташуучуларга түз чыкчу болдук. Айлантууну жогорулатуу үчүн биринчи жылы бизнестен акча чыгарбадык. Бир сом да алган жокпуз! Катуу үнөмдөп күн көрдүк. Анткен менен азыр ассортимент кеңейди, тажрыйба топтодук, соода көлөмү үстү. Эми бул рынокто көңүлүбүз жай алып калды.

— Акча таппастан бир жыл бою кантип жашадыңыз?!

— Туристтерди ташыдым: турфирмалар мага буюртма беришчү, аларды аткардым.

— Чет өлкөлүктөр Кыргызстанга эмнеге келишет? Эмнелерди көрүүнү самашат?

— Албетте, бизде мегаполистер, кандайдыр бир бийик курулуштар жок. Ошондуктан баары жөнөкөй — аларды табият, тоолор, көлдөр кызыктырат. Өзүм дагы ошондой туристтерге кирем. Мени европалык мамлекеттердин борбор калааларынан көрө табияты укмуш жана маданияты бай африкалык же түштүк африкалык өлкөлөрдү эле кыдыртып койсо...

Владелец магазина инвентаря для путешественников Азамат Сулайманов
© Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым
Бизнесмен Азамат Сулайманов

— Туристтерге жаккыдай кылып инфраструктурабызда эмнени өзгөртүүгө болот? Же даараткана коюу зарылбы?

— Жок, адамдар Кыргызстанга тоолор үчүн келип, цивилизация жок жерлерди аралап жүрүшөт. Ыңгайлуу шарттары бар даараткана күтүшпөйт.

Көйгөй — туристтердин отелдердеги жаман тейлөөгө көп кабылганында. Болгондо да Соң-Көлдөгү же Таш-Рабаттагы конок үйлөрүндө эмес, борбордогу популярдуу жайларда ошондой начар тейлөө бар. Баса, аймактарда тейлөө алда канча жакшы: адамдар карапайым, меймандос. Англис тилин билишпесе да, дайым жылуу тосуп алышат. Саякатчылар буга аябай кубанып калышат. Борбор калаада жана ири отелдерде начар тейлөөлөргө күбө болуп калабыз. Билимдин жетишсиздигиби же персонал көөп кеткенби, себебин билбейм. Мисалы, популярдуу туристтик бир жайда ушундай мамилеге туш болдук. Француз үй-бүлөнү (ата-эне он алты жашар кызы менен) алып келмекмин. Алар саат 10до жайгашып, андан соң үй-бүлө башчысы гид менен тоого чыгып, жубайы менен кызы бөлмөдө эс алышмак. Аларды калтырып эле чыгып кетишим керек болчу, дагы бир буюртма бар эле.

Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек

Бирок отелдин кызматкери номерлер али даяр эместигин, шейшептерди алмаштырып, жыйноо керектигин айтат. Макулдашылган убакытка карабастан, француздар номерге эки сааттан кийин гана кире алышат экен.

Тоого чыгуу үчүн саякатчы кийимин алмаштырууга тийиш эле, кай жакка кирсе болорун сурадым. Ресепшендегилер "билбейбиз" дешет. Анан да өз көйгөйүңөрдү өзүңөр чечип алгыла дегендей мамиле жасашты.

Холлдо эки саат күткөнчө айлананы жеңил кыдырып турушсун деген ой менен чемодандарды кое турчу жер таап берүүнү өтүндүм. Анда да: "Тилекке каршы, сумка койчу бош жерибиз жок. Далиске таштай беришсин", – дешти.

Бөлмөлөрдү бошоткон кишилер бар-жогун сурадым. Номерлерин тапшыргандар бар экен, бөлмө жыйналганча чемодандарды кое турууга болор-болбосун сурадым. Ресепшендегилер ошентсе болобу деген тейде карбаластап калышты.

Билесиздерби, алардын туристтерге жардамдашууга кымындай да ниети жок эле! Персоналдын жүрүм-турумунан уялып, чет өлкөлүктөрдүн алдында ыңгайсыз болдум. Коронавирус эпидемиясы жана туристтердин тартыштыгы тейлөө чөйрөсүнүн айрым кызматкерлерин эсине келтирер.

Владелец магазина инвентаря для путешественников Азамат Сулайманов
© Фото / предоставлено Азаматом Сулаймановым
Бизнесмен Азамат Сулайманов

— Кыргызстандагы туризм дегенде ойго биринчи Ысык-Көл келет эмеспи. Экинчи сапка кайсы жерди коер элеңиз?

— Бул менин жеке пикирим, бирок экинчи да эмес, алдыңкы сапка Нарын облусун чыгарар элем. Абдан меймандос тургундары бар, кооз жерлери оголе арбын: Таш-Рабат, Кочкор, Көл-Суу, Чатыр-Көл... Нарындан го өзү, ошондуктан ушундай ойдо дебеңиз. Менин түбүм Таластан болот.

— Кыргызстандык ишкерлерди кандай мүнөздөөр элеңиз?

— Аларды эки категорияга бөлмөкмүн. Биринчисине өз эмгеги менен ишкерликтен баар тапкандар кирет. Алар бизнести сабаттуулук менен өрчүтүп, акчанын баасын билишет, аң-сезими байлыгы менен чогуу өсүп отурган.

Үй курууда мигранттарды ойлодум. Москвадагы ишкер Осмонбековдун маеги

Экинчи топко кандайдыр жол менен кирешенин жакшы булагын таап алып, каржылык көйгөйү жок, бирок аң-сезими эски калыбында калгандар. Аларды бири-биринен айырмалай билүү оңой эле: киши тейлөө персоналы менен кандай сүйлөшкөнүнө баам салганыңыз жетиштүү.

Көңүлү ток инсан эч качан официантты кемсинтип, аны зекип, өз даражасын баса көрсөтпөйт. Ышкырып же кол менен көрсөтүп чакырбайт.

"Ишкер" бизнес-форумунун негиздөөчүсү Данияр Эмил мени Көл-Сууга бизнес сапарга чакырып калды. Ошондо сөз сүйлөгөндөрдүн бири, "Шоро" компаниясынын ээси Жумадил Эгембердиевдин кеби жаккан. Айрыкча бир кеңеши көңүлүмө кыттай уюган: "Жакшы үй-бүлө күткөндөн көрө дурус компанияны түптөө жеңил". Сөзүнүн төркүнүндө "компанияда бирөө начар иштесе, аны иштен айдоого болот, ал эми үй-бүлөдө балдарыңды, ата-энеңди же жубайыңды "иштен" кетире албайсың" деген ой жаткан эле. Балдарга туура тарбия берүү абзел, себеби алар жаман чыкса, анысына карабай кабыл алууга туура келет.

Тема боюнча

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны
Тоодо жаткан кардан эле миллиондорду табууга болот. Гид Айткулов менен маек
Белгилер:
туризм, ишкер, отель, Нарын облусу, Соң-Көл, Ысык-Көл облусу, саякат, компания

ЭҢ МААНИЛҮҮ