00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Будь в курсе
Не просто праздник: почему Нооруз был главным экономическим календарем предков
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зоомузейге жүз жыл: Кыргызстандын башкы зоологиялык музейи жаңы имаратка муктаж
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда балдарга арналган суусундуктарга акциз салыгы киргизилип, милдеттүү маркалоо талап кылынат. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2026-жылдын 1-январынан тарта балдар тамагына кирген алкоголсуз суусундуктарга акциз салынып, акциздик маркалар менен белгилөө милдеттүү болот. Бул талап ТН ВЭД 2202 товардык категориясына кирген жана балдар азыгы катары катталган продукцияларга тиешелүү. Белгиленген күндөн кийин мындай суусундуктарды маркасыз өндүрүүгө же импорттоого тыюу салынат. Ошондой эле өтүү мезгили каралган: маркасы жок продукцияны 2026-жылдын 1-майына чейин сатууга уруксат берилет. Салык кызматы ишкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, эрежелер бузулган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти ⚖️
Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын тургундары бак отургузуу жана ишембиликтерге чакырылды. Карылар үчүн ресурстук борбор билдиргендей, иш-чаралар 22-марттан 5-апрелге чейин «Ак-Ордо-1», «Ак-Ордо-2», «Ак-Ордо-3», «Калыс-Ордо», «Рухий-Мурас», «Мурас-Ордо» жана «Бакай-Ата» конуштарында өтөт. Максаты — жаңы конуштарды жашылдандыруу, жашоого ыңгайлуу шарт түзүү жана тургундардын экологиялык демилгелерге катышуусун арттыруу. Графиги: 22-март — Бакай-Ата 27-март — Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3 28-март — Ак-Ордо-1 29-март — Рухий-Мурас 4-апрель — Калыс-Ордо 5-апрель — Мурас-Ордо Иш-чаралар «Жашыл конуштар» долбоорунун алкагында өтүп, каалоочуларды активдүү катышууга чакырышат.
Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзу Садыр Жапаров га кайрылып, Бишкек шаарындагы өз имаратын коргоп берүүнү суранды. Уюм билдиргендей, дээрлик 90 жылдык тарыхы бар бул имарат өлкөнүн маданий мурасынын маанилүү бөлүгү болуп, көп жылдан бери көргөзмөлөр, чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлүп келген жай болуп саналат. Сүрөтчүлөр имараттын макамы өзгөрсө же жоголсо, анын тарыхый жана маданий баалуулугуна зыян келерин белгилешти. Ушуга байланыштуу алар имаратты азыркы статусунда сактап калууну, мамлекеттик коргоого алууну жана уюмдун туруктуу иштешин камсыздоону өтүнүштү.
Акжол Махмудов Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына катышат. Мелдеш 6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Кыргыз балбаны 77 кг салмак категориясында күч сынашат. Ага чейин 27-мартта Ташкентте өтө турган PWL 11 турниринде ал учурдагы Олимпиада чемпиону Нао Кусака менен кармашат Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Азия чемпионаттарында 4 жолу катышып, 3 алтын жана 1 күмүш медаль уткан. 2024-жылы Бишкекте өткөн финалда ал дал ушул Нао Кусакага жеңилип калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0