Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек

© AFP / ALBERTO PIZZOLIПлощадь Плебисцито в Неаполе
Площадь Плебисцито в Неаполе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендешибиз Жылдыз Автандилова он жылдан ашык убакыттан бери Италияда жашап, ал жактан 20га чукул жумуш ордун түзгөн. Ал азыр Неаполь шаарында өзүнүн дүкөн, ресторанын иштетип келет.

Бөтөн жерде ийгилик жараткан ишкер айым менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду. 

© Фото / предоставлено Жылдыз АвтандиловойИшкер Жылдыз Автандилова
Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Жылдыз Автандилова

— Италияга кеткенге чейин Кыргызстанда эмне иш кылчу элеңиз?

— Мурун "Кыргызтелекомдо" иштегем. Эки жогорку билимим бар, үч кыздын энесимин. Италияга 2009-жылы бөлөм аркылуу келгем. Башында мен дагы башкалар сыяктуу эле эки жылдай улгайган адамдарды карап, үй жыйнап иштеп жүрдүм. Анткени бул жакта кыргыз кыз-келиндеринин көпчүлүгү ошол жумуштарды жасайт.

— Ал жакта пенсия курагындагы бейтаптарды карап тыйын тапкандар негизинен кандай кызмат аткарышат?

— Мындай жумушта иштеген адам моралдык жактан кыйналат. Башында италиялыктар бизди замандан артта калган, аябай караңгы калк элестетчү. Мен барганда дагы жумушка алган аял үйдөгү кир жуучу машинаны көргөзүп, "бул кир жуучу машина, аны минтип колдонот, мындай техника силерде жок болуш керек" дегени эсимде. Бул жакта Кыргызстандан пенсияга чыгып алып келип иштеген эжелер бар. Биздин кыз-келиндер Альцгеймер менен ооруган кемпир-чалдарды өзүнүн ата-энесиндей карайт. Аларга убагында тамак-ашын жасап, дары-дармегин берип, кийим-кечесин жууп беришет. Кадимкидей бир үй-бүлөгө келин болуп барып кайындарына кызмат кылгандай эле жумуштарды жасайт.

— Убакыт өткөндөн кийин ишкерлик менен алектенүүңүзгө эмне түрткү болду?

Италияда өзүнүн ресторанын ачкан Мунара Сыдыкова - Sputnik Кыргызстан
Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек
— Союз тарап, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары мен дагы өзүм курактуулар сыяктуу базарга чыгып калгам. Мектеп окуучусу болгонума карабай Ысык-Көлдөн Бишкекке алма алып келип сатып жүрдүм. Жазында Түп районунан борбор калаага картошка алып келип тыйын тапчумун. Ошол жылдары чоң эжелер менен орун талашып урушуп, базардын жашоосун көрүп калгам. Соода-сатыкка шыгым бар болчу. Убакыт өтүп жогорку окуу жайды аяктап, үй-бүлө курдум. Чынын айтканда, бул жакка келгенде аябай кыйналдым. Тил билбейм, көп кыйынчылыктарды башыман өткөрдүм, бир ресторанда идиш жууп иштедим. Ошондо жеке ишкерлик менен алектенүүгө аракет башталды. Чындыгында бөтөн жерде аябай эле тобокелчиликке салдым. Анан адам башына кыйынчылык келгенде бир нерсени баштоого далалат кылат экен. 

Ал күндөрдү эстегим келбейт, алардын баарын ойлоно берсең оорулуу болуп калгыдайсың. Адам аябай кыйналса бир чечимге келет окшойт. Биринчи жылы айла жогунан социалдык үйдө түнөп калган күндөр болгон. 2009-жылы кыргызстандыктар аябай аз болчу, кийин 2012-жылдары агылып келди. Биз, кыргыздар, ынтымактуубуз, бири-бирибизди колдоп, жакшылык-жаманчылыктарга катышып турабыз. Келечекте биздин өкмөт кийинки муунду да мигрант кылбай, аларга шарт түзүп берсе экен деп тилейм.

— Италияга коңшу мамлекеттердин жарандары да эмгек мигранты болуп барышабы?

— Кыргызстандан 17-18 жаштагы кичинекей кыздар иштегени келүүдө. Балдар кызмат көрсөтүү жаатында, базарда эмгектенишет. Кээде аларды көрүп жүрөгүң ооруйт. Анан Украина, Филиппин, Индия, Бангладеш, Шри-Ланка, Пакистан жана Африка мамлекеттеринин жарандары басымдуулук кылат. Коңшу өлкөлөрдөн казакстандыктар көбүнчө эс алуучу катары жана өз товарларын алдыга жылдыруу үчүн келет.

— Дүкөнүңүз менен рестораныңыздан жакшы эле киреше табасызбы?

Автор и режиссер проекта Бишкек 140 Эрик Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги
— Италияда бир нерсе ачуу, иштетүү аябай оор жана көп каражатты талап кылат. 2014-жылы Кыргызстандагы банктан насыя алып, Бишкектеги өзүмдүн, эжемдин батирин күрөөгө койгом. Чогултуп жүргөм акчамды салдым, бизнес-өнөктөшүм бир топ акча кошкон. Бул жакта ишкерликтен анча деле көп каражат таппайбыз. Дегеним, миллионер деле болуп кеткен жокмун. Мамлекетке кирешебиздин 22-23 пайызын салык катары төлөйбүз. Андан сырткары, чыгашаларыбыз да бар. Азыр дүкөнүбүздө дүйнөнүн бардык товары сатылат, ресторанда Европа менен Азия элдеринин тамак-ашын жасайбыз. Ашпозчубуз кыргыз кыз менен уйгур бала. Азыр кол алдыбызда жалпы 16 адам иштейт.

— Коронавирус пандемиясы ишкерликке кандай таасир этти? Учурда абал кандай?

— Азыр көчөдө бет кап тагынган деле эч ким жок, карантинди алып коюшкан. Бирок дүкөндөргө барганда, коомдук унааларга түшкөндө сөзсүз бет кап тагынуу керек. Коронавирус убагында мен дүкөндө иштедим, талаптар боюнча чектөөлөр болду. Ал эми ресторанга аябай залакасы тийди, азыркыга чейин ача элекмин. Элдин баары кыйналды, бул жактан тапканыбыздын баарын эле үйгө салабыз да, жумуш токтоп калды, эмне кыларын билбей отуруп калгандар көп болду. Экономикалык жактан аябай эле кыйналдык.

— Италияда жашап-иштеп жатканыңызга он жылдан ашып калыптыр. Кыргызстандыктар ал жактагылардын эмнесин алсак болчудай экен?

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
— Биринчиден, италиялыктар эмгекчил калк болушат, ишин сапаттуу жасайт. Экинчиден, туризм тармагын жолго салып алышкан. Мисалы, эс алуучулар келген деңизди бат-баттан тазалап турушат. Италиялыктар айлана-чөйрөгө аябай жакшы мамиле кылып, эски архитектуралык имараттарын сактап калган жана кызмат көрсөтүүнүн деңгээли абдан жогору. Анан дүйнөгө таанымал Италия ашканасын айтпай коё албайсың. Биз деле алардай болуп өзүбүздүн жаратылышты, тоолорду пайдаланып укмуш киреше таба алмакпыз. Менимче, ошого аракет кылышыбыз зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0