Өткөн суткада коронавирус беш кишинин өмүрүн алды

© AFP / JAAFAR ASHTIYEHМедициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон киши менен. Архив
Медициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон киши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө коронавирустан 1 099 адам каза болду. Оору жуктургандардын саны 50 589га жетсе, анын ичинен 45 080и айыкты.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан беш киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта Бишкекте бир бейтап, Ошто экөө, Баткенде эки адам акка моюн сунганы айтылат. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жалпы 1 099 адамдын өмүрүн алды.

Бүгүн 388 кишиден COVID чыкты. Соңку статистика

Илдет илештиргендердин саны 50 589га жетсе, анын ичинен 45 080и айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0