Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан

9-октябрь. Кыргызстанда учурда эмне болуп жатат. Тексттик баяндама

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстан элдик толкундоолордон кийинки бешинчи күндү башынан өткөрүп жатат. Өлкөдө коомдук-саясий кырдаал олку-солку.

Бишкек менен Ош шаарында митингдер өтүүдө. Эске салсак, нааразылыктын булагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгы болду. 5-октябрда чогулган эл "Ала-Тоо" аянтында кечке туруп, 6-октябрдын түнүндө Ак үйдү алган.

Ал эми бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:52 09.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин аткаруучулуктан дагы бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

 

13:07 09.10.2020
12:58 09.10.2020
Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков - Sputnik Кыргызстан
12:47 09.10.2020
12:45 09.10.2020
12:35 09.10.2020
12:22 09.10.2020

Бишкектеги олку-солку кырдаалдан улам Элди тейлөө борборлору, "Унаа" мамлекеттик уюму, "Кыргыз почтасы", 119 колл-борбору, архивдер саат 12:30 да жабылат.

Бардык объектилер кайтарууда болорун айтышты. Ал эми ачыла турган убактысын ЖМКлар, социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу билдирерин кошумчалашты. 

12:19 09.10.2020

Митинг туурасында "Республика" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Өмүрбек Бабанов өзү айтты.

"Биз аянтка келип, митинг кылабыз. Тынчтык митинги!  Биз тараптан эч кандай чагымчылдык болбойт. Бирок чындыктан тайбайбыз, себеби биздин партиялаш 19 жаштагы Үмүтбек  5-октябрда каза болду", - деген ал.

12:17 09.10.2020

"Өлкөбүздөгү коопсуздукту сактоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо биздин милдет. Бирок ички иштер министрлиги саясаттан тышкары жана эч бир саясий партиялардын кызыкчылыгын коргобойт жана көздөбөйт. Биз үчүн жалпы Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу маанилүү. Мен Жогорку Кеңешке, 13 саясий партиялага кайрыламын, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуунун мыйзамдуу процесси сиздердин колдо, ошол себептүү бул маселени тез арада чечип, өлкөбүздү кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл.
Ошол эле убакта миңдеген жаштарга, элдик кошуундардын бардык мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиремин. Сиздер өлкөбүздө жаралган оор кырдаал учурунда коомдук тартипти сактоодо зор салым коштуңуздар".

Маалыматты ИИМден баратышты. 

11:50 09.10.2020

"Ата Мекен", "Реформа", "Республика" жана "Бир бол" партиялары премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү.

Аталган саясий партиялар "Акыркы үмүт" деп аталган меморандум кабыл алышкан. Анда саясатчы Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкка, ал эми Тилек Токтогазиев биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн.

 

 

11:13 09.10.2020

 "Жетекчиликтин жана жеке түзүмдүн пикиринде  УКМК бир катар саясатчылардын жана башка күчтөрдүн кызыкчылыктарына кызмат кылбайт. Бир ууч топтун өз кызыкчылыгын көздөгөн максатына жетүү үчүн курал болбойт", - деп айтылган маалыматта.

11:08 09.10.2020

Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония  катталган жаңы учурлар:

Бишкек - 40
Ош - 25
Чүй облусу – 28
Ош облусу - 49
Талас облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 47
Баткен облусу - 74

Маалыматты Республикалык штаб берди

11:07 09.10.2020
Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков - Sputnik Кыргызстан
11:03 09.10.2020
  • Ош облусу – 1
    Баткен облусу – 2
    Жалал-Абад облусу – 1

Тилекке каршы, көз жумгандардын жалпы саны 1077ге жетти. 

10:38 09.10.2020

Алардын карааны улам көбөйүп бара жаткандыгын байкоого болот. Чогулган элдин "Садыр" деп кыйкырып жаткандыгы угулууда. 

Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков - Sputnik Кыргызстан
09:59 09.10.2020

"9-октябрда өзбек чек арачылары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Махсуд Ахмедов аттуу кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Аталган адамдар 6-октябрда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалышкан",— деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан кармалганы кабарланган. 

 

 

09:57 09.10.2020

Бишкекте абал тынч, түндө талап-тоноочулук катталган жок. Милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен бирге коомдук коопсуздукту сактап жатышат. Ишкерлердин жана мамлекеттин мүлктөрү кайтаруу алдында турат. Маанилүү делген стратегиялык объектилер көзөмөлдө.

Бул маалыматты Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. 

 

09:51 09.10.2020
09:42 09.10.2020
Ситуация в Бишкеке после выборов и беспорядков - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0