Коронавирус жуктургандар, андан айыккандар. Өлкөдөгү статистика

© AFP / ADEK BERRYСитуация в Индонезии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Индонезии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер арасынан бир суткада тогузунан коронавирус аныкталган. Анын бирөө Бишкектен болсо, сегизи Ысык-Көл облусунан. Ошол эле учурда 27 ак халатчан ооруну жеңип, айыгып чыгышкан.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 252 бейтап айыгып чыкса, 92 киши кайра илдет жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек шаары — 112;
  • Ош шаары — 6;
  • Чүй облусу —10;
  • Ош облусу — 21;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 27;
  • Жалал-Абад облусу — 38;
  • Баткен облусу — 26.

Боронов: сентябрда эл массалык түрдө оорушу мүмкүн

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары — 12;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 15;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 32;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Баткен облусу — 14.

Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирус 44 227 адамдан табылса, аны 39 426 бейтап ооруну жеңген.

Боронов: дарыгерлерди экинчи толкунга чейин эс алдырып алышыбыз керек

Медиктер арасынан бир суткада тогузунан коронавирус аныкталган. Анын бирөө Бишкектен болсо, сегизи Ысык-Көл облусунан. Ошол эле учурда 27 ак халатчан ооруну жеңип, айыгып чыккан.

Азыркы тапта 584 бейтап стационарда, 4 614 үйүндө дарыланып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0