22:04 27 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.1275
  • EUR95.8035
  • RUB1.0611
Коом
Кыскача шилтеме алуу
75310

Мэлс Эркинбек бир кезде досу корей тили курсуна жазылууга кеңеш бербегенде таптакыр башка нукта чыйыр салмак. Ошондо жаш жигитти курстун бекер болгону эле кызыктырган. Байкуш студент ошол тил курсу бүт жашоосун өзгөртөрүн ал убакта кайдан билсин!

Ишкер  Sputnik Кыргызстан кабарчысы менен маек куруп, бизнестин оош кыйыштарын, Кыргызстанга тарткан бир күчү тууралуу айтып берди.

Азыр Мэлс Эркинбек бизнестин үлкөндөрүнөн. Ал ата мекендик тоо кен ишканалары жана Түштүк Кореядан келген курулуш компанияларынын көпчүлүгүн оор техникалардын тетиктери менен жабдыйт. Ишкерди өз баянын төкпөй-чачпай айтып берүүгө көндүрдүк.

— Сиз тууралуу өзүңүздөн уксак алгач.

— Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында төрөлгөм. Апам бала бакчада иштеп, атам катардагы айдоочу болчу. Жөнөкөй айылдык жигит болуп өстүм, бирок бир жолку окуя баарын өзгөрткөн. Окуучулук куракта чоң атам иним экөөбүзгө бир нече чакырым узундуктагы арык каздырды. Бир ай бою куйкалаган күн алдында, аптапка кактана мээнеттендик. Ошондо турмушта эки жол бар экенин аңдагам: же акылың менен, же кара күчүңдү колдоносуң. Акылга таянсаң – алда канча байыраак, жеңилирээк жана жакшыраак болорун түшүндүм.

— Бишкекке качан көчүп келдиңиз?

— Мектепти артыкчылык менен аяктадым, ата-энем мени борбор калаага окууга жөнөттү. 1999-жыл эле. Программист болгум келген, бирок бул адистикке каражатым жетпей турганын кыйытышты. Ошондо кийин которулуп кетем деген ой менен Улуттук университеттин математика факультетине тапшырдым.

— Баш калаага оңой эле көндүңүзбү?

— Эстегим келбес күндөр да болгон. Кээде 2-3 күн катары менен крандан гана суу ичип калган мезгилдерим болгон. Жыгач усталык кылдым, ширетүүчү, арак-шарап заводунун кампасында кара жумушчу да болуп иштедим.

Студенттик жатаканадагы алгачкы жылдар аябай оор өткөн. Чоң курстагылар менен мушташтар да болгон. Даттанар кишим жок, чыдап, тек гана жан сактагам. Азыр андайга жол бербейт болчумун.

Предприниматель Мэлс Эркинбек поставляет запасные части к тяжелой технике для большинства отечественных горнодобывающих и строительных компаний из Южной Кореи
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ишкер Мэлс Эркинбек ата мекендик тоо кен ишканалары менен Түштүк Кореядан келген курулуш компанияларынын көпчүлүгүн оор техникалардын тетиктери менен жабдыйт.

— Андайда Казарманга кайтууга чамынып калган жок белеңиз?

— Жок. Бизди ушундай тарбиялашкан. Эч нерсеге карабай, эбин таап жашап кетүүгө тийиш элем.

Батиримди күрөөгө коюп кредит алганым чоң ката болду. Ишкер айымдын маеги

— Жашооңуз кантип жакшыра баштаган?

— Чоң курстарда жеңилдей түштү. Жакшы окугандыктан, башка студенттерге курстук, лабораториялык иштерди, рефераттарды акы алып жазып жүрдүм. Университетти аяктаган соң окутуучу болуп калууга камынгам. Ошол маалда досум корей тили акысыз үйрөтүлөрүн айтып калды. Бул тилдин бизге кереги тиер-тийбесин деле дароо оюбузга келбеди. Бизди "бекер" дегени эле кызыктырган. Акысыз болсо, эмнеге барбайбыз дедик. Көрсө, ал корей лидерлик мектеби экен.

Канттын жанындагы Люксембург айылында жашап, окудук. Бизди 4.50дө ойготушчу, Кыргызстандын гимнин аткарчубуз. Андан соң 2,5 чакырым чуркачубуз. Саат алтыда биринчи сабак – таңкы медитация болчу. Ар кандай: атага, энеге, мекенге болгон сүйүү деген темаларды беришчү. Биз алар боюнча ойлорубузду кагазга түшүрчүбүз.

Ошол мектепте биз корей жана англис тилин кечке чейин окудук. Күн сайын кечки алтыда жыйнайбыз, андан кийин уктамай. Кыскасы, аскердегидей тартип. Ошондой режимде бир жыл жашап, ал жактан англис тилин жана корей тилин өздөштүрүп, бомбардир болуп чыктым.

— Корей тилинин зарылдыгын дароо түшүнбөдүк дегениңиз кандай?

— Бул менин жашоомдогу трамплин болду. Азыр корейлер менен бизнесим бар.

— Корей турмушуна көнүү оңой болдубу?

— Айылдан Бишкекке келгендегиге караганда Кореяга көнүү кыйла жеңил болду. Ошондо биз чет өлкөгө чыгууну эле самап калганбыз, бирок ал жакка барганда андай деле чоң керемет эмес экени билинет. Жаңы реалдуулукка өтө тез көнөсүң.

Ал жакка барарым менен бизнеске кириштим. Кореядан Бишкекке айдалган машиналарды жөнөтө баштадым, бул – абдан жакшы киреше. Интернеттен машиналарды таап, элге сүрөттөрдү жөнөтөбүз. Алар автону жактыргандан кийин гана аны сатып алчубуз. Баары алдын ала төлөм менен жүргүзүлчү, андыктан биздин иште эч кандай тобокелдик жок эле. Тескерисинче, сатып алуучулар тобокелге салышчу. Кийин биз тетиктерди сатууга кириштик.

— Тетик сатканга караганда автомобиль рыногу кирешелүү деп ойлогом.

— Тескерисинче! Машина айына бир, ал эми тетиктер күндө сатылат. Биздин рынок эски автомобилдерден тургандыктан, автоунаалар улам бузула берет.

Ушул тапта биздин компания бир нече багытта иш алып барат. Биринчиден, экскаватор, жүктөгүч, курулуш жана тоо кен тармагына атайын техникалардын тетиктерин саткан дүкөн. Экинчиден, ушул эле тармактар үчүн техниканын өзү менен жабдыйбыз. Анан да биз кореялык өндүрүштүк гиганттардын биринин өлкөдөгү расмий дистрибьюторубуз.

Предприниматель Мэлс Эркинбек поставляет запасные части к тяжелой технике для большинства отечественных горнодобывающих и строительных компаний из Южной Кореи
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Корей тилин үйрөнгөнүм жашоомдогу трамплин болду. Азыр корейлер менен бизнесим бар", — дейт Мэлс Эркинбек.

— Мурда андай товарларды Кытай же Россиядан буюртма кылышчу. Корея бул рынокко киргенине салыштырмалуу аз эле болду.

— Азыр Түштүк Корея атайын техника жана автомобиль жаатында гана ири жабдуучу болуп саналбайт, кореялык компаниялар косметика, текстиль жана башка товарларды өндүрүү менен да кызуу алектенет. Алар үч нерсе – ылдамдык, сапат жана баасы менен артыкчылыкка ээ.

— Көптөгөн кыргызстандыктар акча табууга сыртка аттанууга ашыгышат. Кореяга барган өзүн актайбы?

— Албетте, себеби бул абдан кирешелүү. Ал жакта орточо 2,5 миң доллардын тегерегинде табышат. Кыргызстандыктар Кореяга үч ыкма менен кетишет. Биринчиси – билим алуу. Экинчиси — мыйзамсыз жол, кандайдыр бир иш-чарага барып, жашап калышат. Эң жакшысы – үчүнчүсү, квота менен барышат. Ар жылы Корея Кыргызстанга жумушчулар үчүн квота бөлөт. Так саны эсимде жок, эки миңге чейин орун берилсе керек.

Азыр аталган мамлекетте беш миң чакты кыргызстандык жашайт. Кореяда биздин диаспора да түзүлгөн.

Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги

— Корей тилин билбей туруп иштөөгө болобу?

— Ооба, кара жумуш абдан көп, мисалы, батирлерди жыйнатышат. Негизинен бригадир гана корей тилинде сүйлөп, жумушчулар биле бербейт. Күнүнө алар 70-100 доллар алышат.

— Кореяда жашоо кымбатпы?

— Кеминде эле айына 1000 доллар табуу керек, баары кымбат. Мисалы, кафеде бир порция тамак 8 доллар (600 сомдун тегерегинде) турат.

— Кореяда кебетеге көңүл бурулары боюнча көндүм пикир бар.

— Ооба, сырткы көрүнүшкө чоң көңүл бурушат. 18 жашка чыкканда пластикалык хирургдун кызматтарына сертификат тартуу кылышат. Сурма, мурун же жаагын оңдотуу ал жакта тиш доктурга баргандай эле кеп.

— Кореяга көчүп барган кыргызстандыктар эмнеден кыйналышы ыктымал?

— Биз үчүн аябай оор болот, анткени биз жоопкерчиликсиз келебиз, мыйзамды бузууга көнүп калганбыз. Белгиленбеген жерден жолду кесип өтүү биз үчүн чекилик эмес. Андайда мыйзам бузуп жатканыбызды деле ойлонбойбуз, чынбы? Бетибиз да кызарып койбойт.

Кореяда мындай нерсе үчүн катуу жазалашат, ал жакта мыйзам иштейт. Бир жолкусунда мейманкананын кире беришинде кымбат фотоаппаратты унутуп калыптырмын. Үч сааттан кийин барсам, ордунда турат. Эч ким тийбептир, бизде болсо көз көрүнө кымырып кетишмек!

Дагы бир мисал: февралда коронавирус күчөп турган маалда Кореяда элем. Алардын саламаттыкты сактоо министри теледен чыгып, беткап тагынып, элди чогулбоого чакырды. Эртеси күнү эшикте бир дагы беткапсыз кишини көрбөдүм!

— Бөтөн жерден келген жаран Кореяда өз киши боло алабы?

— Канча жашасаң да, чет элдик бойдон каларың айкын. Алардын мамилеси сен кандай кызматты ээлегениңе жараша. Эгер тең же жогорку кызматта болсоң, сени сыйлашат, улам-улам ийилишет. Кара жумушчуларга абдан начар мамиле жасашат.

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

— Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Инчхон шаарында иштейт. Сиз кандай дейсиз, КР менен Түштүк Кореянын биргелешкен бизнес долбоорлору болушу мүмкүнбү?

— Ушул темада корейлер менен сүйлөшкөндө дароо эки суроону узатышат. Биринчиден, аларды калктын саны кызыктырат. Кыргызстанда алты миллион киши жашарын укканда, алардын кызыгуусу тарайт. Экинчи суроосу өлкөнүн ИДПсына байланыштуу. 1100 доллар дейм. Аларда бул көрсөткүч 31 миңге жеткендиктен, кеп андан ары уланбайт. Бирок баары бир алар менен бир концепция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм. Корей технологиясы жана биздин (кытай) арзан сырьесун пайдалана ЕАЭБге товар сатуудан сөз козгойм. Анткени Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин бөлүгү болуп саналат эмеспи.

Предприниматель Мэлс Эркинбек поставляет запасные части к тяжелой технике для большинства отечественных горнодобывающих и строительных компаний из Южной Кореи
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Баарыбыз кетип калсак, бул жакта ким жашайт? Эртеби-кечпи кайтуу керек деген пикирди карманам", — дейт ишкер Мэлс Эркинбек.

— Кореяга биз эмне сата алабыз?

— Алар экологиялык жактан таза нерселердин баарын жактырышат, маселен, биздин балды жакшы көрүшөт. Кайда барбайын, менден кыргыз балын сурашат. Ал жакка экспорттошот, бирок өтө аз. Корея Кыргызстанга жылына бир жарым миң тонна квота гана бөлгөн. Бул арзыбаган нерсе да!

Мында кеп ал жакта сапат стандарттарынын жогору экенинде. Бизде өндүрүмдүн коопсуздугун тастыктай турган тийиштүү деңгээлдеги лабораториялар жок. Аларды бал менен негизинен Австралия камсыз кылат.

— Кыргызстандагы бизнесмендерге кандай баа берет элеңиз?

— "ProKG" профессионалдар клубуна киргениме эки жылча болуп калды. Ал жакта биз башка ишкерлер менен пикир алмашабыз. Жалаң интеллектуалдар, андай адамдардын арасында болуу мага абдан жагымдуу.

Маселенин баары – Кыргызстанда бизнес кылсаң, айланып-тегеренип отуруп жемкорлук ишмердикке бет келишкениңде. Бардык жерде тааныш-билишиң болуп, байланыш күтүшүң керек, тил табыша билип көйгөйдү чечүүгө жөндөмүң болушу зарыл. Бирок азыр жагдай жакшы нукка түшүп, эми сенин канчалык иш билги экениң баалана баштады.

— Эмнеге Кореяда жашап калбастан, Кыргызстанда жашоону туура көргөн элеңиз?

— Баарыбыз кетип калсак, бул жакта ким жашайт? Эртеби-кечпи кайтуу керек деген пикирди карманам. Эгер жоктон баштоого мүмкүн болсо, кайра башынан куруунун эмне зарылдыгы бар? "Морттукка каршы" деген китептегидей – биз жакшы жашоого кынык алышыбыз ыктымал, бирок кийин кантип жан сактайбыз?

Кыргызстандыктар жан сактоо (тиричилигин өткөрүү) далалатында, ошол себептен биздин эл күчтүү келет. Биз дүйнөдөгү ар кандай өзгөрүүлөргө даярбыз, бардыгына туруштук бере алабыз.

Тема боюнча

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги
Белгилер:
мыйзам, ишкердик, Корея, Казарман, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ