03:32 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Ишкек Айканыш Ахматова

Батиримди күрөөгө коюп кредит алганым чоң ката болду. Ишкер айымдын маеги

© Sputnik / Эркин Садыков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1031510

Айканыш Ахматова өзүнүн эң ири катасы туурасында кеп салды. Бир топ жыл мурун өзүн ийгиликтүү ишкер санап, банктан ири өлчөмдө насыя алат. Көп өтпөй ошол ойлонбой жасаган кадамы үчүн бармагын тиштеген...

Инстаграмда өзү жөнүндө "бизнесвумен, бактылуу эне жана сүйүктүү жубай" деп жазып алса жарашмак. Бирок Айканыштын социалдык медиада жеке баракчасы да жок, ага убактысы деле болбойт.

"Айканыш, сиз бизнеске аралашканыңыздан берки 10 жыл ичинде Бишкектен батир аларлык акча таба алдыңызбы?" – деп түз эле жарга такадым. Уялыңкы башын ийкеди. Мен: "Эки батиргечи? Үчөөнөчү?" – деп дале токтобой сурай бердим. Маектешим жылмайып, ага да жетерлик экенин айтат...

10 жылдан бери бизнес менен алектенген ишкердин үч дүкөнү бар, биринде балдар бут кийимдери, экөөндө балдар кийим-кечеси сатылат. Чүрпөсүнө бут кийим сатып берүүгө акчасы өп-чап жеткен мезгилди да башынан өткөргөн. Ошондон кийин ишкерликке аяк таштаган.

— Өзүңүз жөнүндө айтсаңыз.

— Бишкекте интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулгам. Албетте, бизнеске өтөрүмдү айтканымда жакындарым уккан кулактарына ишенген эмес. Чоң атам менен чоң апам окутуучу болушумду каалаган.

Ошондогу чечимим менен мен алардын баарынын көңүлүн калтырсам керек. Бир топ убакыттан кийин гана ынанып, пикирлерин өзгөрттү.

Башынан эле ушундай козголоңчу болчумун, 1-курста баскан-турганыма акча жетпей, соода борборуна барып кийим сатуучу болуп иштегем. Моралдык жактан кыйын эле болгон, себеби, баш калаадагы №6, башкача айтканда 16 жашында ишке умтулбай тургандай шаардык балдар окуган мектепти аяктагам.

Бизнесвумен Айканыш Ахматова во время интервью
© Sputnik / Эркин Садыков
Айканыш Ахматова бир топ жыл мурун өзүн ийгиликтүү ишкер санап, банктан ири өлчөмдө насыя алат. Көп өтпөй ошол ойлонбой жасаган кадамы үчүн бармагын тиштеген...

— Кытайда бир жыл жашаган турбайсызбы?

— Ооба, Бишкек гуманитардык университетине тапшырып, кытай тилин үйрөнгөм. 2-курста мени Сиань шаарына такшалууга жөнөтүштү, бул Кытайдын байыркы борбор шаары.

Алгач ирет ошондо Кыргызстандан сыртка чыккам. Мурда мага чет өлкөдө бизге караганда баары жакшы, кооз сезилчү. Шаарлардын чет-жакаларында биздикиндей эле, кээде биздикинен да начар экенин көрүп, көңүлүм калган.

— Кытайда баары арзан деген көндүм пикир бар.

— Сианда чындап эле товарлар анча кымбат болчу эмес, Шанхай эмес го акыры. Бирок мыкты сапаттагы буюмду арзыбаган акчага сатып алам деп да ойлобош керек. Баары мыйзам ченемдүү, сапаты тыйынына жараша.

— Жергиликтүү калк кыргызстандыктарга кандай мамиле кылат?

— Европалык типтеги кишилерге Кытайда көп көңүл бурулат. Орус улутундагы курбуларым менен кафеге кирсек, кытайлар кубанып, аларга белектерин тартуулап, башка планетадан келгендей эле кабылдашчу.

Ал эми азиялык типтеги кебетем андай деле көңүл бурдурчу эмес. Акценти жок сүйлөсөм, өздөрүндөй кабыл алышчу мени. Кытай улутунан эмес экенимди укканда таң калышчу.

— Кытай тилин билгендер котормочу катары ишке оңой орношуп алышат, чынбы?

— Ооба, Кытайдан кайтканымда Алматыга көчтүм. Болочок жолдошум казакстандык эле, ал ошол жакта жашоону туура көрдү. Тез эле котормочулук иш таптым. Жергиликтүү чен менен маянам көп деле эмес, 500 доллар болчу. Бирок ага деле кайыл болдум, 18 жашыңда, жарандыгың жок туруп жумушка кирүү оңой-олтоң эмес эле.

— Алматыдагы турмуш кандай өттү?

— Бул калааны аябай жакшы көрөм! Бишкектен анчалык деле айырмаланбайт. Тили, адамдар, салт-санаа... Баары эле окшош. Тек гана акча көбүрөөк. Сыртынан карап да кыргыз менен казакты айырмалаш татаал, акыры бир тууган калкпыз го.

Ошентсе да Бишкекке кайра жер котордук. Жолдошум биздин борбор шаарда өзүн бактылуу сезет экен.

Бизнесвумен Айканыш Ахматова во время интервью
© Sputnik / Эркин Садыков
Ахматова Инстаграмда өзү жөнүндө "бизнесвумен, бактылуу эне жана сүйүктүү жубай" деп жазып алса жарашмак. Бирок анын социалдык медиада жеке баракчасы, ага убактысы да жок.

— Дүкөнүңүздү кантип ачып калдыңыз?

— 22деги жаш аялметмин. Үч жашар кызымды көргөн соң невропатолог ортопедиялык бут кийим кийгизишиңер керек деди. Жолдошум экөөбүз издеп жөнөдүк. Андай бут кийим шаарда бир эле дүкөндө сатылчу, кооз да көрүнбөйт, анан калса, кымбат десеңиз, 3000 сомдун тегереги. 2009-жыл эле, ал кезде балдардын бут кийими 400 сом турчу.

Ал дүкөндөн бир эле бут кийим таптык, арзандатылгандан кийинки баасы — 1300 сом. Ошондо "мындай жагдайды өзгөртүү керек!" дедим өзүмчө. Өзүм издештирип жүрүп, балдар бут кийимин чыгарган эң ири түркиялык фабрика менен байланыштым.

Менин сунушумду уккулары да келбеди. Майтапан болгон үч жашар бала менен үйдө отурган 22 жашар кыз кимге кызык? Жарым жылча макулдашып жатып, акыры алардан сатып алууга уруксат беришти.

— Каражатты кайдан таптыңыз?

— Муну баары сурашат. Кыйраткан деле акчам жок, болгону миң долларым бар. Дагы алты миң долларды химик эжемден алдым, бул анын өмүр бою топтогон акчасы эле. Ошентип ар кимден сурап отуруп, 15 миң доллар карызга алдым. Анын 7 миң долларын эле бут кийимге короттум, калганын жарнамага сарптадым. Ал кезде андайга саналуу киши гана барчу. Баракчаларды, плакаттарды чыгарып алып, бардык бала бакча, бейтапканаларды кыдырып чыгам. Педиатрларга кирүүгө тырышып, кезек күткөн энелер "жогол бул жерден, балдарыбызды доктурга көрсөтөлү деп жүрөбүз" деп мени тилдеп жатып калышат.

Бардык жактан кубалап, ороңдошчу. Эмне кылам анан, башка аргам жок. Социалдык медиа да азыркыдай кеңири тарай элек убак, жарнама чыгарчу деле жер көп эмес.

"Балдар дүйнөсү" соода борборунан бутик ижараладым. Эч ким деле баскысы келбеген жердин түбүндө болчу ал дагы. Бирок ошого деле каниет кылчумун.

"Эки миң сомдук бут кийимди сенден ким алат? Акылыңдан айныдыңбы?" – дегендер болду. Адамдар адатта достору менен шишкебек жеген эле акчага алар бут кийим гана эмес, балдары үчүн ыңгайлуулук сатып беришерин түшүнгөнчө бир топ убакыт кетти. Азыр үч дүкөнүм бар, биринде бут кийим, экөөндө балдар кийимдери сатылат.

Бизнесвумен Айканыш Ахматова во время интервью
© Sputnik / Эркин Садыков
Ахматова: Бишкекте интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулгам. Албетте, бизнеске өтөрүмдү айтканымда жакындарым уккан кулактарына ишенген эмес

— Бизнестеги эң чоң катачылыгыңыз эмне болду?

— Бут кийим сатуучу экинчи дүкөн ачууга чыгындым. Кыйын ишкермин, баарын билем деп ойлоп алыпмын. Анүстүнө кардарлардын бир тобу: "Силер борбордосуңар, биз кичирайондордо турабыз. Силерге жетиш узак" – деп наалып калышчу. Сурамжылоо жүргүзсөк, ага катышкандардын 90 пайызы дүкөн шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашса, ыңгайлуу болорун айтышты.

Ал кезде сатып алуучулар эмне каалаганын дайым так биле бербесин деле түшүнчү эмес көрүнөм. Кичи райондордо ижара акысы төрт эсе жогору соода борбору бар. Ал жактан бутик ачуу үчүн батиримди күрөөгө коюп, банктан насыя алууга туура келди.

Дал ушул менин эң чоң катачылыгым болду! Башканын акчасын карызга убактылуу аласың, бирок өзүңдүкүн биротоло бересиң дегендери чын белем. Канча үстөк кошуп кайтарасың, пайызы канча болот деп санаган киши аз. Жөнөкөй эле нерсе, бирок эмнегедир мен дагы аны эске албапмын, тийиштүү билимим да, тажрыйбам да жок болчу.

Баары кынтыксыз башталчудай туюлган, ошол соода борбору аябай кеңири белгилүү болчу, бирок менин бутигим эле бош. Менимче, ошол соода борборунда балдар үчүн башка товар жок эле, бут кийим үчүн эл ал жакка барууну туура көрбөсө керек.

"Балдар дүйнөсү" соода борборунда товар тез эле түгөнүп калат, ал жакка күндө кутуларды көтөрүнүп жөнөйм.

Бир жылдан соң бутикти жабууга аргасыз болдум. Дүкөн жок, бирок карызга баттым. Айламды таппай калдым, банк жашап жаткан батиримди алганы турат, колумда насыя төккөнгө акчам жок. Аябай оор убак эле, бирок акыры өз турак жайымды алып калдым.

Бизнесвумен Айканыш Ахматова во время интервью
© Sputnik / Эркин Садыков
Ахматова: Акценти жок сүйлөсөм, өздөрүндөй кабыл алышчу. Кытай улутунан эмес экенимди укканда таң калышчу.

— Ишиңиздин эң оор тарабы эмне?

— Ата-энелер менен сүйлөшкөндө өтө этият болууга тийишсиң. Дүкөнүбүздө ар кыл үй-бүлөлөргө: майыптыгы бар балдар, аз камсыз болгондорго жардам программалары бар. Айрымдарына абдан арзандатып, кээде бекер да беребиз.

Бир жолкусунда биздин кызматкерибиз ата-энелерден тактап жатып: "Майыптык боюнчабы? Өтүңүздөр" – деп айтып алат кокустан. Көрсө, ал үй-бүлө диагнозду билгенине көп боло элек, баласынын ал-абалын кабылдай элек кез экен. Ата-эне аябай капа болуп калат. Уялып, кайра-кайра кечирим сурадым.

Мындай дагы болду, бир кыз баш багып баласына аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк программасы боюнча бут кийим сатып аларын айтат. Үстүндө жакшы шуба, колунда айфон, анан андайда эмне дешти да билбей каласың.

Өтө этияттык менен кайда иштерин, жолдошу эмне иш кыларын сурап, программа кирешеси 15 миң сомдун тегереги болгон үй-бүлөлөр үчүн экенин түшүндүрөсүң. "Сизди кайсы топко кошоюн? Жалгыз бой энелергеби? Кирешеси аздаргабы? Же майыптык боюнчабы" – деп суроо салам.

Өзүн ыңгайсыз сезип, андай топтордун эч бирине кирбей турганын айтат. Андай программаларга туура келбегени кайра өзүнө жакшы эмеспи деп куттуктайм. Ар дайым кылдат болуу маанилүү, себеби, ар кыл адамдар менен иштешесиң. Бири кадыресе кабыл алат, башкасына айтканың абдан катуу тийип калышы ыктымал.

— Кыргызстандык аялдар бизнес жүргүзүүдө кандай татаалдыктарга тушугат?

— Отузга толгонумда аябай сүйүнгөм, себеби, улуулар сага мурун чүйрүбөйт, тоготпогондой мамиле кылышпайт. Балким, мага эле ошондой сезилчүдүр, бирок Салык кызматындагылар, Соцфонддо иштегендер баласынткандай туюлчу.

Башка айымдардан айырмаланып мен чоңойгон сайын сүйүнөм. Менимче, бизнесте бул кайра жакшы.

Тема боюнча

Министрликтин ишине таң калдым. Ишкерликтен мамкызматка өткөн Айкандын маеги
Кыргыздын бул чөбүн чет элдиктер баса калып сатып алышат. Ишкердин баяны
Белгилер:
дүкөн, ишкер, бут кийим, банк, батир, бизнес

ЭҢ МААНИЛҮҮ