БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы "Кайнар" рестораны кайрадан санитардык эрежени бузганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, тойкана бул ирет дагы көп кишинин катышуусунда куран окутуп, санитардык нормаларды сактаган эмес.
Хакимов: санитардык талапты аткарбаган маршрутканын үч айдоочусу иштен кетти
Октябрь райондук акимчилигинин тиешелүү кызматтары массалык иш-чарага күтүүсүз кирип барып, Эреже бузуулар кодексинин 293-беренесинин ("Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу") негизинде протокол түзүшкөн.
Буга байланыштуу мэрия бизнес ээлерине кайрылды.
"Урматтуу ишкерлер, рестораторлор! Вирус Бишкекте жоголо элек, элдин өмүрүн оюнчук көрбөңүздөр. Жоопкерчилик бардыгына бирдей болушу керек. Ошондой эле шаардыктардан конокко барып, той-аш өткөрбөй турууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, аралыкты сактап, маска, антисептик колдонуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Эскерте кетсек, ресторан буга чейин үч ирет массалык иш-чара өткөргөн. Акыркысында "колго түшүп", айып пул салынып, убактылуу жабылган болчу.