Өлкө ооруканаларында коронавирустан 12 миңден ашык киши дарыланууда

© AFP / OLIVER BUNICМедицина кызматкерлери дары-дармектерди бейтаптарга алпарым жатышат. Архив
Медицина кызматкерлери дары-дармектерди бейтаптарга алпарым жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткага карата алынган маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны жуктургандарга караганда көбүрөөк. Өткөн суткада COVID 1 020 кишиден табылса, илдетти 1 162 бейтап жеңген.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өлкө боюнча стационарларда коронавирустан 12 739 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бир суткага карата алынган маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны жуктургандарга караганда көбүрөөк. Өткөн суткада COVID 1 020 кишиден табылса, илдетти 1 162 бейтап жеңген.

Жалпысынан коронавирус жуктургандардын саны 26 532 болду. Тилекке каршы, вирус өлкөгө киргенден тарта 1 003 киши коронавирустан ажал тапкан.

Бишкектеги стационарлар акыркы суткада 4 533 кишини кабыл алды

Эске салсак, 17-июлдан тарта коронавирус менен пневмония чогуу эсептеле баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ооруларды классификациялоодо эки кодду киргизген. Тагыраагы, U07.1 коду —- лаборатория тарабынан тастыкталган оору, башкача айтканда, коронавирус болмокчу. Ал эми U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0