Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги

© Фото / из личного архива Расулбека МадаминоваДетский хирург Расулбек Мадаминов
Детский хирург Расулбек Мадаминов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расулбек Мадаминов Москва шаарындагы клиникалардын биринде балдар хирургу болуп иштейт. Кыргызстандагы кесиптештери бардык бейтаптарга жардам көрсөтүүгө үлгүрбөй жатканын угуп, 25 кесиптеши менен Россиядан Бишкекке учуп келген.

Кыргызстанга келүү чечими капыстан болгонун мойнуна алат, медиктер учакка чейин 48 саат гана мурда макулдашышкан. Ага катар Россияда жашаган мекендештердин баарлашуу тобунда кыргызстандыктар дары-дармек жана жасалма дем алдыруучу аппараттарга каражат топтой баштаган. Эки сутка ичинде эле эки миллион сом топтолгон!

— Өзүңүз тууралуу билсек...

— Балдарды дарылагым келчү. Жогорку билимди Бишкектен алдым, ординатураны Москвада улантууну чечкем. Дарылоонун прогрессивдүү ыкмаларын үйрөнүп, дартты аныктоочу жакшы аппараттар менен иштегим келген. Морозов балдар ооруканасына, балдар хирургиясы бөлүмүнө туш болдум.

Өпкөмдүн 80 пайызы жабыркаптыр. Пневмониядан сакайган жигиттин маеги

Баланын ымыркай кезинен баштап бойго жеткен курагына чейин карайм. Хирург анамнез топтоону, тили чыга элек ымыркайдын да, эч качан ооз ачкысы келбеген өспүрүмдүн да ооруган жерин таба билүүгө тийиш. Ар кандай бейтаптар менен тил табыша билүү да керек. Албетте, көп учурда ата-энелери жардамга келет. 

© Фото / из личного архива Расулбека МадаминоваРасулбек Мадаминов Москва шаарындагы клиникалардын биринде балдар хирургу болуп иштейт. Жардам берүү үчүн Кыргызстанга келди.
Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Расулбек Мадаминов Москва шаарындагы клиникалардын биринде балдар хирургу болуп иштейт. Жардам берүү үчүн Кыргызстанга келди.

— Кандайча Москвадагы ишиңизди таштап, мекенге кайтуу чечимин кабыл алдыңыз?

— Кыргызстанда соңку жумаларда коронавирус менен катталгандардын саны кескин өсүп кетти. Күн сайын Республикалык штаб кайгылуу статистиканы жарыялоодо. Бейтаптардын көпчүлүгүндө пневмония өрчүп жатат. Европа өлкөлөрүндө пневмония күч алып жатканда бул илдет мекенибизде ушунчалык жайылып кетерин ойлогон эмеспиз. Жашырганда эмне, мындай вирустун бар экенине ишенбегендер да көп эмес беле.

Бийлик өзгөчө абалды жоеру менен миңдеген кыргызстандыктар кафеге барып, шаан-шөкөт өткөрүп, сейилдеп киришти. Дал ошол себептен, биз азыркы абалга кептелип отурабыз. Ооруканаларда орун тартыш, врачтар кайрылгандардын баарына жардам көрсөтүүгө үлгүрбөй жатат. Ошондон улам Россияда эмгектенген 25 медик убактылуу кесиптештерибизге көмөктөшөлү деп чечтик. Үрөй учурган бул абалды четте карап тура албадык.

Батыралиев: пандемия 1-2 айда бүтүп калчу иш эмес

Ошол эле убакта Россиядагы кыргыз мигранттары жердештери үчүн дары-дармек жана жасалма дем алдыруу аппараттарын алууга эки-үч күндө 2 миллион рубль топтоду. Ишкерлер да, базарда мээнеттенген карапайым эмгекчилер да тыйын чыгарды.

Мекенге келгенибизде бизди Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө бөлүштү. Ишти баштоого дароо мүмкүнчүлүк болгон жок, COVID-19 жана пневмонияга кабылган бейтаптарды дарылоого тийиштүү жабдуулар жок эле. Толук кандуу 7-июлда гана ачылдык, дароо эле жүздөн ашуун киши кайрылды. 

© Фото / из личного архива Расулбека МадаминоваРасулбек Мадаминов: Бийлик өзгөчө абалды жоеру менен миңдеген кыргызстандыктар кафеге барып, шаан-шөкөт өткөрүп, сейилдеп киришти. Дал ошол себептен, биз азыркы абалга кептелип отурабыз.
Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Расулбек Мадаминов: Бийлик өзгөчө абалды жоеру менен миңдеген кыргызстандыктар кафеге барып, шаан-шөкөт өткөрүп, сейилдеп киришти. Дал ошол себептен, биз азыркы абалга кептелип отурабыз.

— Пневмонияга кабылган бейтаптардын да, андан каза болгондордун да саны өсүүдө. Бул коронавирустун кесепетиби?

— Пневмония менен коронавирустук инфекциянын байланышы, албетте, бар. Бир версия боюнча, азыркы биз дарылап жаткан пневмония — оор баскычтагы коронавирус. Бирок тесттер COVID-19дун жоктугун көрсөтүп жаткандыктан, так ушундай деп атоого болбойт. Пневмониянын күч алышы сезондук сасык тумоодон эмес экенин так айта алабыз.

Башкача типтеги пневмония жапырт тарап жатат. Анда дене табы көтөрүлөт, кургак жөтөл, деми кыстыгып же дем алышы тездейт. Көкүрөк клеткасынын флюорографиясы өпкөнүн сезгенишин көрсөтөт. Башка да белгилери болушу ыктымал, чыйрыгып, баш ооруп, тамакка табит тартпай, ал кетип, муундар сыздап, тери кургап жана ич өтүшү мүмкүн.

Бул оорунун өзгөчөлүгү жалпы интоксикациянын белгилеринин көп болушунда, алар өпкөдөгү белгилерин экинчи планга жылдырат.

Мындай пневмониянын өтүшүн болжоп болбойт: белгилери анча байкалбай да калышы ыктымал, өмүргө өтө кооптуу да болушу мүмкүн. Жаңыдан башталганында аны аныктоо татаал, ошол себептен бейтаптар стационарга кеч кайрылууда.

Бөлмөгө киргенде өңүм бозоро түштү... Ыктыярчылар ооруканалардагы абал жөнүндө

Өпкөсү сезгенген бейтаптар өтө кыйналышат. Ажалы да азапка салып жатып алып тынат. Бул илдеттен жакынынан айрылган мекендештердин ар бирине көңүл айтам.

Балким, миң ирет укканыңызды кайталаармын. Көйгөйдүн баары дарттын жеңил белгилеринде эле адамдардын антибиотик ичип киргенинде. Эгер дене табыңыз 38 градустан төмөн болсо, аны түшүрүүнүн кажети жок. Жатып эс алып, суюктукту көп ичүү керек.

Эгер абал начарласа, медиктерге кайрылуу зарыл. Бүгүн акысыз кеңештерди телефон же мессенджерлер аркылуу алууга болот. Врачтын жазгандары боюнча дарыланууну баштаңыз. Медициналык билимиңиз болбосо, өзүңүз билип дары иче бербеңиз. Мен өзүм да COVID-19 менен ооруп айыктым. Бул айтып жаткандарымдын баарын өзүм аткардым. 

© Фото / из личного архива Расулбека МадаминоваДарыгер: Ооруканаларда орун тартыш, врачтар кайрылгандардын баарына жардам көрсөтүүгө үлгүрбөй жатат. Ошондон улам Россияда эмгектенген 25 медик убактылуу кесиптештерибизге көмөктөшөлү деп чечтик. Үрөй учурган бул абалды четте карап тура албадык.
Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер: Ооруканаларда орун тартыш, врачтар кайрылгандардын баарына жардам көрсөтүүгө үлгүрбөй жатат. Ошондон улам Россияда эмгектенген 25 медик убактылуу кесиптештерибизге көмөктөшөлү деп чечтик. Үрөй учурган бул абалды четте карап тура албадык.

— Сиз кайдан жуктуруп алдыңыз, илдетти кандай көтөрдүңүз?

— Меники жеңил өттү, жумушта жуктуруп алсам керек. Бүткүл боюм талыкшып, башым ооруду. Эки апта үйдө обочолондум, эч ким менен байланышкан жокмун. Бардык белгилери байкалбай калганда анализ тапшырдым. Жыйынтыгына карап, жумушка чыктым.

Илдеттин оор өтүшү иммунитетке жана козголгон ооруларына жараша болот. Айрымдар ооруйт, бирок өздөрү деле байкабай калат. Ал эми кай бири өлүм статистикасын толуктап калат. Көңүлдү жай кармоо маанилүү, санаа тарткан сайын иммунитет бошоңдойт. Эгер стрессти азайтууга мүмкүн болсо, ошого аракет кылыңыз. 

© Фото / из личного архива Расулбека МадаминоваМадаминов: Эгер абал начарласа, медиктерге кайрылуу зарыл. Бүгүн акысыз кеңештерди телефон же мессенджерлер аркылуу алууга болот. Врачтын жазгандары боюнча дарыланууну баштаңыз.
Четте карап тура албадым. Кыйын күндө мекенге кайткан дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Мадаминов: Эгер абал начарласа, медиктерге кайрылуу зарыл. Бүгүн акысыз кеңештерди телефон же мессенджерлер аркылуу алууга болот. Врачтын жазгандары боюнча дарыланууну баштаңыз.

— Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал жакшырарына үмүт барбы?

— Врачтар бул үчүн колунан келгенин жасоодо. Ушул тапта ар бир кыргызстандыктын бул илдеттин белгилери бар таанышы же тууганы бар. Система бул мүшкүлдү көтөрө албай жатканын көргөн эл өзү көмөк көрсөтүүдө. Адамдар кычкылтек концентраторлорун, жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алып, дары-дармекке буюртма берип жатышат...

Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт

Мунун баары качан аяктаарын дасыккан эпидемиологдор гана болжолдой алат. Бүгүнкү күндө тобокелдиктерди түшүнүп, башкалар менен, ал түгүл аябай сагынып турган адамдарга да жолугушпай туруу керектигин акылга түйгөн оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0