Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

© Sputnik / Михаил ДудинЮго-Западное кладбище Бишкека
Юго-Западное кладбище Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте маркумду көмүү канча турат жана акыркы учурларда өлүктү жерге берүү эмнеге кымбаттап кеткендигин биздин материалдан окуп билсеңиз болот.

Sputnik Кыргызстандын редакциясына кайрылган окурман Бишкектеги мүрзөлөрдө маркумду көмүү кызматтары жана жердин баасы кымбаттап кеткендигин айтты.

Тактай келгенде коронавирус инфекциясына же пневмонияга кабылгандарды жерге берүүдөгү өлүк каадасы кымбаттаганы анык болду.

"Бул кызматкерлерге кооптуулук жаралгандыктан улам болууда. Аны менен катар эле сак болуп, тиешелүү бардык эрежелерди сакташ керек. Инфекция башка жакка тарап кетпеш үчүн биз патологоанатомиялык мүшөккө салабыз", — деп билдирди Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Аскербек Алиев.

Муфтият коронавирустан көз жумгандарды көмүү эрежесин иштеп чыкты

Маркумду жерге берүүдөгү баалар:

  • Мусулман мүрзөсү (кол менен казат, жайына жаткырат) — 7 440 сом;
  • Пневмония же коронавирустан каза тапкан маркум үчүн мусулман мүрзөсү (кол менен казат, жайына жаткырат) — 10 940 сом;
  • Европа тибиндеги мүрзө (кол менен казат, жайына жаткырат) — 5 835 сом;
  • Пневмония же коронавирустан каза тапкан маркум үчүн европа тибиндеги мүрзө (кол менен казат, жайына жаткырат) — 9 535 сом.

Алиев маркумдар учурда Чүй облусундагы Аламүдүн жана Сокулук райондорунда көп коюлуп жатканын айтты. Ал баалар Бишкектеги ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги берген баалардан айырмаланышы мүмкүн. Эгерде маркумдун каттоосу болсо жер бекер берилерин кошумчалады.

Аламүдүн райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Манас Касымбековдун айтымында, бишкектиктер үчүн каза болгон жакындарын Аламүдүн районундагы Гроздь айылында жерге берүү арзанга түшөт. Бул Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан 25 чакырым аралыкта жайгашкан.

COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер

"Гроздь айылында бишкектиктер үчүн 49 гектар жер берилген. Ар кыл диндин өкүлдөрү үчүн бөлүнгөн. Анткен менен бишкектиктердин көбү жакындарын жогорку аймакка көмүүгө аракет кылышат. Аталган аймакта жер дээрлик калган жок, ал жердин өз жашоочулары бар. Андыктан каттоосу жокторду ал жакка көмүүгө тыюу салынган. Бишкекке жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин чечими менен каттоосу жокторду 10-15 миң сомго көмүүгө уруксат берген учурлар бар", — деди Касымбеков.

Бишкектиктер каза болгондо жерге берген дагы бир аймак — Новопавловка айылындагы мүрзө. Айыл өкмөтү эгерде маркумдун каттоосу болсо, көмүүгө 500 сом төлөнөрүн айтты.

"Айылдык кеңеш депутаттарынын токтомуна ылайык, жаңы конуштарда туруктуу жашагандар же жетишпеген турмушту башынан кечирип жаткандар 10 миң сом төлөйт. Ал эми башка жактан келгендерге 20 миң сом төлөө каралган", — деп айтып беришти Новопавловка айыл өкмөтүнөн.

Россия: коронавирустан көз жумган мусулман адамын кремация кылса болору айтылды

Аталган айылдагы коммуналдык ишкананын башчысы Бахтияр Султангазиев көр казуунун баасын алар бекитпей тургандыгын айтты.

"Биз болгону жерге гана уруксат беребиз. Маркумдун туугандары жайды канчага казарын өздөрү сүйлөшүп алат. Алар жеке тарап болгондуктан айыл өкмөтүнө тиешеси жок. Андыктан бааны да өздөрү коёт", — деди Султангазиев.

Ал акыркы күндөрү мүрзөгө 5-6 адам коюлгандыгын, кээ бирлеринде "эки тараптуу пневмония" деген кагазы болгондугун айтты.

Кыргызстандан коронавирустан көз жумган бейтап биринчи жолу 2-апрелде катталган. Ал эми учурда каза болгондордун саны 99 адамга жетти.

Марттан тарта пневмониядан 224 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0