Муфтият коронавирустан көз жумгандарды көмүү эрежесин иштеп чыкты

© Sputnik / Саид ЦарнаевКөз жумгандарды көмүү. Архив
Көз жумгандарды көмүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият Саламаттык сактоо министрлиги менен вирустан көз жумгандардын сөөгүн мусулмандардын шарият өкүмдөрүн эске алып жерге берүү сунуштары менен макулдашты.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус жуктуруп кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатвасын (чечим) жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, муфтият Саламаттык сактоо министрлиги менен вирустан көз жумгандардын сөөгүн мусулмандардын шарият өкүмдөрүн эске алып жерге берүү сунуштары менен макулдашканы айтылат.

Коронавирустан каза болгон адамды жууп-кепиндөө жана жерге берүү маселесинде шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берет:

COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер

Кайтыш болгон диндеш бир туугандын сөөгүн жууп-кепиндөө жана жаназа намазын окуу мусулмандын мусулманга карата вазийпаларынын эң башында турат. Жуулуп, кепинге оролгон маркумдун жаназа намазын окуу парзы кифая (милдет) болуп саналат. Бул вазийпаны бир топ мусулмандар аткарган учурда калган мусулмандардын мойнунан сакыт болот (милдетинен кутулат). Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш.

Илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун тарашын эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек. Тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.

Көбү Бишкектен. Суткада пневмониядан дагы 26 киши каза болду

Негизи эле кооптуулук болгон учурда адистердин кеңеши боюнча зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Бирок бардык коргонуу чараларынын жана алдын алуу иштеринин аткарылганына карабастан маркумду сууга алган жана шарият талап кылгандай кепинделген учурда башка адамдарга оорунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:

  1. Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот.
  2. Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.
  3. Маркумду жууган эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум (даарат алуу үчүн суу табылбаган кезде же аны колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда таза топуракка урулган кол менен бетти, чыканакка чейин эки колду сылоо жолу менен аткарылган тазалык) кылдырууга болот.
  4. Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу жана анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет. Денени өрттөп, кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте, этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдордун жардамы менен жерге берилет.
  5. Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын сумка (өлүк салуучу) же табыт менен көмүүгө уруксат.
  6. Кырдаалга жараша жана зарылчылыктан улам ушул иштерге барып жатсак да мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазийпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болуу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0