COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер

© REUTERS / Luis CortesСөөк коюу жумушчулары иш учурунда. Архив
Сөөк коюу жумушчулары иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлүм менен өмүр жанаша жүрөт деген нерсе айныксыз экенин акыркы күндөрү COVID коогалаңы көрсөтүп жатат. Sputnik адиске кайрылып, коронавирустан, пневмониядан көз жумган маркумду акыркы жайга узатууда кандай эрежелерди сактоо керектигин сурады.

Кыргызстанда акыркы суткада 23 адам пневмониядан каза тапты. Коронавирустан жалпысынан 76 кыргызстандык көз жумду.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Эрнис Акунов элге бул жаатта кеңешин айтты.

Аталган жугуштуу оорудан каза болгон кишинин үй-бүлөсү менен кантип байланышта болуу керек?

Эгерде ал ооруканада коронавирустан каза тапса, сөөктү патологоанатомиялык кызматка жөнөтүшөт. Киши ооруканага түшкөндө үзүлгөн учурлар болот. "Пневмония" диагнозу коюлганы менен COVID бар деп айтышкан жок. Анда сөөк бизге (соттук-медициналык экспертиза борборуна — ред.) келет.

Үйүндө көз жумгандарды да бизге алып келишет. Эгерде маркум үйүнөн өлсө, туугандары алгач милицияга чалышы керек. Себеби тергөө тобу түзүлүп, анын курамына биз киребиз.

Сөөктү адистер кантип, эмне менен жуушат?

Биздин кызматкер атайын костюм кийип сөөктү жууп, атайын аралашма менен дезинфекциялайт. Эгерде өлгөн киши мусулман болсо дезинфекцияланган кепинге оройт да, анын сыртынан клеенка каптайт. Андан соң кийизге оройт. Ошол тейде сөөктү туугандарына берет. Эске сала турган нерсе — алар маркумду дал жерге берер күнү алып кетишет. Көз жазгырып, өлүкканадан сөөктү үйүнө алып барбашы керек. Инфекциянын ошол жердегилерге жугуп калуу кооптуулугу өтө жогору.

Боронов: эртең Кытайдан учак менен 500 кычкылтек концентратору алып келинет

Эгерде башка диндеги адам өлсө, анда деле сөөктү дезинфекцияланган кездемеге, андан соң полиэтиленге орошот. Ошондон кийин кийим кийгизген сымал кылып, табытка салып, бекитип, жерге бергендей кылып беришет.

Сөөктү жерге берүүдө кайсы бир кызматтар көзөмөл кылышы керекпи?

Мүрзөгө көмгөнү барганда жок дегенде бир эпидемиолог кошо жүрүп, элдин сөөктү кармалабашын көзөмөлдөп турганы оң.

Кыргызстанда коронавирус чыкканда Ош облусунун Ноокат районунда эл эрежелерге түшүнүү менен мамиле жасашкан. Көрүстөнгө чейин бир эпидемиолог, ал тургай милиция кошо барып турган. Азыр каза тапкандар көп болууда, көзөмөл кандай болуп жатканын айта албайм. Эпидемиологдор жетишпей жатат. Балким, буга Ички иштер министрлигин тартыш керектир. Бул биздин компетенцияга кирбейт.

Пневмония менен COVID-19дун эмне байланышы бар?

Адатта коронавирус инфекциясынын кабылдап кетиши пневмония катары эсептелет. Адам каза болсо, анын себебин эмнеге COVID эмес, пневмония деп жатышат. Бул ПЦР-тест жасалбаган үчүнбү?

Биз ооруканадан сырткары болгон пневмония деген диагноз койгонго мажбур болуп жатабыз. Анда коронавирус болгон-болбогонун чындыгында айта албайбыз.

Эгерде киши пневмониядан өлсө, анын организминде коронавирус жүрүшү толук мүмкүнбү?

Ооба. Ошондуктан туугандары жоопкерчилик менен карап, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сакташы керек. Бул туурасында элге тажабай айтып келебиз.

Жакында бизге коронавирус болушу мүмкүн деген кишинин сөөгүн алып келишти. Туугандары сөөктү Ат-Башыга алып кетебиз дешти, бирок биз менен сүйлөшкөндөн соң алыс жолго алып чыкпай, бул жерден көмө турган болушту.

Бир суткада 23 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 120га жетти

Болгон өлүк каадасын соттук медэкспертизанын имаратында жасап калганга аракет кылышат. Эгерде маркум коронавирус инфекциясы жугуп каза тапты деген шек жаралса же пневмония, же COVID-19дан көз жумса, ири алдыда эч кимди тийгизбей туруп, дароо милиция чакыруу керек.

Тууганы коронавирустан өлдү деп шек жаралып, бизди чакырган учурда алар биздин кызматкерлерди эшиктен тосуп алганын көп көрөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0