Өз алдынча дарыланган. Жалал-Абадда COVID-19дан 36 жаштагы киши каза тапты

© REUTERS / YVES HERMANОоруканадагы медайым. Архив
Ооруканадагы медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумган киши Бишкектен Жалал-Абадга тажыяга барган. Ошол убакта ден соолугу начарлап, облустук ооруканага түшкөнү айтылды.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда 36 жаштагы киши коронавирустан каза болгонун брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, көз жумган киши Бишкектен Жалал-Абадга тажыяга барган. Ошол убакта ден соолугу начарлап, облустук ооруканага түшкөн.

“Бейтап 12-июндан тарта инфекциялык бөлүмдө дарыланып жаткан. Бирок кечээ реанимациялык аракеттерге карабастан көз жумду. Ал Бишкекте жүргөндө эле оорунун симптомдору болгон жана өз билемдикке салып дарыланганы белгилүү болду. Ошонун кесепетинен эки тараптуу пневмония болуп, абалы кескин начарлап кетти”, — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен вирустан каза тапкандардын саны 30га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0