Кыргызстанда ЖРТ тапшырууда жеңилдик берилеби? Министрликтин жообу

© AFP / STEPHANE DE SAKUTINЭкзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив
Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары Казакстандын тестирлөө программасынын Кыргызстандын ЖРТсынан айырмасы бар экенин айтат. 

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн түзүлгөн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) программасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Белгилей кетсек, Казакстанда Бирдиктүү улуттук тестирлөөнүн программасынан 11-класстын  IV чейрегинин суроолору алып салынган. Буга окуучулар аралыктан окуп жакшы даярдана албагандыктан ата-энелердин тынчсызданганы себеп болгон. 

Жусупбекова Казакстандын тестирлөө программасы Кыргызстандын ЖРТсынан айырмалана турганын белгиледи.

“Биздин тестирлөө ой-жүгүртүүнүн көндүмдөрүнө негизделип, жогорку окуу жайларда окуу мүмкүнчүлүгүн текшерет. Балдар окуу мезгилинде бир гана билим албай, талдоо, түшүнүү, салыштыруу сыяктуу өз алдынча ой-жүгүртүүсүн өнүктүрөт”, — деди ал.

Аны менен катар эле Жусупбекова 11-класстын окуучуларына телесабактан сырткары кошумча дагы ЖРТга даярдыктар көрсөтүлүп, ошондой эле электрондук ресурстар дагы бар экенин кошумчалады. Ошондой эле ал быйыл тестирлөөнүн убактысы жылдырылганын айтат.

Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТга даярдаган сабактар теледен көрсөтүлө баштады. Убактысы
“Акыркы чейректе жаңы материалдардын азыраак бир бөлүгү калган. Мында мугалимдер сабакты корутундулап окута баштайт. Коронавирус боюнча кырдаал жакшырса, мурдагы режимге өтүп каларбыз. Ал эми майда айрым сабактар кыскартылып, анын ордуна даярдыктар боюнча материалдар кошулат”, — деди Жусупбекова. 

Соңунда ал окуучулар жакшы даярданып, кайталашы үчүн шарттар түзүлөрүн белгиледи. Кандайдыр бир жеңилдиктерди кароого негиз жок деп эсептейт.

Эскерте кетсек, өлкөдөгү кырдаалдан улам мектеп окуучулары аралыктан окууга өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0