БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустан улам коңшу жана өнөктөш мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалга абай салды.
Өзбекстан
Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.
Бул мамлекетте COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 1565ке жетти. Ошентсе да илдет менен кошуна өлкө колунан келишинче күрөшүп жатат. Анын жыйынтыгы — өлгөндөр аз, айыккандар көп.
Вирус беш адамдын өмүрүн алса, акыркы маалыматтар боюнча, 225 киши айыкты.
Кыйын кырдаалда бийлик элге колдоо көрсөтүүнү токтоткон жок. Баса, Өзбекстанда карантин 10-майга чейин узартылды.
Казакстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элин карантин эрежелерин сактоого чакырып, коронавирус өлкөдө жогорку чегине келе электигин айткан.
"Казакстанда COVID-19 илештирип алгандар көбөйүп жатат, бирок геометриялык прогресс менен эмес. Вирус жогорку чегине келе элек. Мындан улам карантин эрежелерин сактап туруңуздар", — деген Токаев.
Россия
Кыргызстандык мекендештер миңдеп, миллиондоп жүргөн Россияда коронавирус жуктургандардын саны тез эле өсүп кетти.
Кытай
Кыргызстандын түштүк-чыгышы менен чектешкен Кытайда абал турукташып калды. 80 миңдин тегерегиндеги сан кармалып турат. Дароо өсүп кеткен жок, бирок бирин-серин коронавирус жуктургандар катталууда. Кытайда жалпы 83 817 учур катталды. Буга чейин ЖМКлар Кытайда вирус жуктуруп алгандардын 90 пайызы айыкканын жазышкан.
Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201и айыгып, жетөө каза болду. Адистер Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги ушул аптага туура келерин божомолдоп жатат.