Абылгазиев отставкага кетти деген маалымат төгүндөлдү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
 Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев эки жыл мурда өкмөт башчы болуп дайындалган. 2018-жылдын апрель айында программа, өкмөт мүчөлөрү жана структурасы бекитилген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган эмес. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, интернетте чындыкка дал келбеген кеп-сөздөр тарап жатат.

“Премьер-министр күчөтүлгөн тартипте, дем алышсыз иштөөдө. Так эки жыл мурда Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп дайындалган, балким, кимдир бирөө ушак таратуу менен ушинтип куттуктап коёюн дегендир”, — деди Султаналиев.

Чынында эле эки жыл мурда ушул күнү Жогорку Кеңеш премьердин талапкерлигин жана министрлердин тизмесин бекиткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0